Видео — Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда Тилек Токтогазиев жаракат алып, госпиталга жеткирилди

Видео — Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда Тилек Токтогазиев жаракат алып, госпиталга жеткирилди

Бүгүн, 9-октябрда, Ала-Тоо аянтында митинг өтүп, ал жерге экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Сапар Исаков, экс-мэр Албек Ибраимов, «Замандаш» партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов, «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер болгон Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков барган. Атамбаев сүйлөп жаткан учурда, Садыр Жапаровдун тарапташтары келип, бутылка, таш ыргытып митингди үзгүлтүккө учуратышты. Эки тарап кагышып, ортодо ок да атылган. Окту кайсы тарап чыгарганы азырынча белгисиз…

Кагылышууда «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкер, активист Тилек Токтогазиев башынан жаракат алганын “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү билдиришти. Алардын айтымында, Токтогазиев башынан жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Интернетке болсо, Тилек Токтогазиевди эс-учун жоготкон абалда бир нече адам көтөрүп бараткан видеотасма чыкты. Аны бул ВИДЕОдон көрсөӊүздөр болот.

Айтор, VII чакырылыштагы ЖК депутаттарды шайлоодогу шайтан оюндар учурдагы балээлердин башаты болду. Нааразылыктар башталган 5-октябрдан бери башаламандыктар токтобой келет. Качан чекит коюлат, белгисиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

8 thoughts on “Видео — Ала-Тоо аянтындагы кагылышууда Тилек Токтогазиев жаракат алып, госпиталга жеткирилди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.