Видео — Садыр Жапаров менен Атамбаев-Бабановдун тарапташтары кагышууда…

Видео — Садыр Жапаров менен Атамбаев-Бабановдун тарапташтары кагышууда…

Бүгүн, 9-октябрда, Ала-Тоо аянтында митинг өтүүдө. Ал жерде экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Сапар Исаков, экс-мэр Албек Ибраимов, «Замандаш» партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов, «Ата Мекен» партиясынан депутаттыкка талапкерлер Тилек Токтогазиев, Рыскелди Момбеков бар. Алгач алар жакындагы эле митингдеги тирешүүдө каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбекке багыштап куран окушту.

Бабанов: «Адашпаган адам болбойт, Алмазбек Атамбаев катасын сезди» деп ага сөз берди. Атамбаев ката кетиргенин мойнуна алып, алгач элден кечирим сурады. Ал аӊгыча Садыр Жапаровдун тарапташтары келип, Атамбаев тарапка ар кандай бөтөлкөлөрдү, таштарды ыргытышты. Аларды Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары сүрүп чыгарууга киришишти…

 

One thought on “Видео — Садыр Жапаров менен Атамбаев-Бабановдун тарапташтары кагышууда…

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.