ЖЭЭНБЕКОВ: «Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын»

ЖЭЭНБЕКОВ: «Өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын»

Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекет мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даяр экендигин билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 9-октябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын билдирүүсүнө караганда, мамлекет башчысы өлкөдөгү саясий абалга байланыштуу кыргызстандыктарга кезектеги кайрылуусун жасаган. Аны толугу менен төмөндөн окуңуздар:

-Урматтуу мекендештерим!

Өлкөдөгү саясий кырдаал курч абалга жетти. Аны жөнгө салуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасайлы.

Жогорку Кеңешке шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгардык. Эми жаңы парламенттик шайлоолор дайындалат. Бул боюнча БШК өзүнүн тиешелүү чечимин кабыл алат. Бул кадамдар азыркы саясий тирешүүлөрдү басаңдатат деп ишенем. Аны менен катар кризиске чейин иштеп келген Өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирип, кийинки дайындоолорго мыйзамдуу жол ачуу керек.

Жаңы премьер-министрди жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоону легитимдештирүү үчүн  Жогорку Кеңештин токтому жана Президенттин Жарлыгын чыгаруу зарыл.

Мен тиешелүү Жарлыктарга кол коюуга даярмын, ал үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомун күтөм. Жогорку Кеңештин депутаттарынын өз милдетин аткаруусун камсыз кылуу үчүн укук коргоо органдары депутаттардын коопсуздугун камсыз кылуусу керек.

 Урматтуу мекендештерим,

Дагы бир ирет кайталайм — мен азыркы кызматтык өзгөрүүлөрдү мыйзамдаштырып, кырдаалды укуктук талаага кайтарууга зарыл болгон чечимдерге кол коюуну көздөйм.

Мен үчүн эч бир кызмат — мамлекеттин бүтүндүгүнөн, элдин биримдигинен, коомдун тынчтыгынан бийик эмес. Азыркы кырдаалды тез арада укуктук талаага салып, бардык мамлекеттик органдарды, Өкмөттү легалдуу статуска ээ кылып, өлкө мыйзамдуу жолго түшкөн соң, президенттик кызматтан кетүүгө даярмын.

Саясий тараптарды элди бөлүп-жарбоого жана коомго бүлүк салбоого чакырам. Кудай колдоп, бардык саясий күчтөргө акыл-эстүүлүк, сабырдуулук берсин!

Президент Кубатбек Бороновду кызматтан бошотту

Бүгүн, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, премьер-министр Кубатбек Боронов кызматтан кетүү арызын жазган. Анын арызынын негизинде президент жарлыкка кол койгон. Ага  ылайык, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 23-беренесинин 5-бөлүгү менен Кубатбек Боронов Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматынан бошотулду. Жарлык кол койгондон тартып күчүнө кирет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.