Аида САЛЯНОВА: «Урматтуу мекендештер, Кыргызстан коркунучта! Жаштарды кордотпойлу!»

Аида САЛЯНОВА: «Урматтуу мекендештер, Кыргызстан коркунучта! Жаштарды кордотпойлу!»
Мурдагы башкы прокурор, мурдагы ЖК депутаты Аида Салянова өзүнүн «Фейсбуктагы» баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырды:
«Урматтуу мекендештер!
Кыргызстан коркунучта!
Садыр, эсиӊе кел! Эркиндикке чыкканыӊа Тилекке алкыш айткандын ордуна ага кол салдыӊ. Тарапташтарыӊды акылга чакыр. Жарандык согушка жол ачып жатасыӊ. Кооптуу акыбал үчүн сен жооптуусуӊ! Элвирадан колуӊду тарт!
Урматтуу элим, жаштарды кордотпойлу!«
Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтына Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары келип, митинг уюштурган. Садыр Жапаровдун тарапташтары келип жолтоо болгон. Эки тарап тирешип, аягы мушташка айланган. Кагылышууда Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлигинин билдиргени боюнча, Токтагазиев менен жансакчы бала баштарынан жаракат алып, мээлери чайкалган. Токтогазиевдин башына таш тийип, жансакчыны аёосуз токмоктоп салышкан. Абалдары орто.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.