КАТ: «Укуктук талаага алып келүү Өмүрбек Текебаев менен Аида Салянованын гана колунан келет»

КАТ: «Укуктук талаага алып келүү Өмүрбек Текебаев менен Аида Салянованын гана колунан келет»

Биздин редакцияга бир кат келип түштү. Анда: «Өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал өтө кооптуу. Кыргызстанды бандиттер башкарып кала турган коркунучта турабыз. Тезирээк укуктук талаага түшпөсөк, эртеӊ кеч болуп калат. Укуктук талаага алып келүү эки эле адамдын колунан келет. Алар — Өмүрбек Текебаев менен Аида Салянова. Жалган жалаа менен соттолгон эки саясатчыга кайра мандаттарын кайрып берип, акыбалды турукташтырганга мүмкүнчүлүк бериш керек. Башаламандык болуп жатканда мыйзам жолун түшүрдүрүп берген ушул эки эле сасатчы болду. Азыркы заманда Кыргызстан үчүн кызмат бөлүштүрүү маанилүү эмес, укуктук талаага кирүү маанилүү» деп жазылган.

Өмүрбек ТЕКЕБАЕВ: «Саясий күчтөр үч-төрткө бөлүнүп, ар кимиси өзүн негизгимин деп эсептеп жатат»

«Ата Мекен» партиясынын лидери, экс-депутат Өмүрбек Текебаев кечээ, 9-октябрда, Кыргызстандагы акыркы кырдаалга байланыштуу элге кайрылуу жасап, өлкөдө кырдаал өтө курч жана коркунучтуу болуп турганын айтып, Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылып, Кыргызстан коркунучта турганда жоопкерчиликти алып тез арада жыйналып, премьер-министрди тандоого чакырган эле.

«Бул биз үчүн, өзгөчө шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп элди көтөрүп чыккан партиялар үчүн кечирилгис ката. Бул — биздин кемчилигибиз. Революцияга катышкан партиялар сүйлөшүп, макулдашып, орток пикирге келип бийлик органын ошол эле күнү, 6-октябрда түзүшү керек эле. Бүгүн төрт күн өттү. Андай келишимге келе албадык. Тилекке каршы, саясий күчтөр үч-төрткө бөлүнүп, ар кимиси өзүн негизгимин деп эсептеп, өзү өкмөт түзгөнгө аракеттенип жатат. Бүгүн талашсыз бир кырдаал бар. Бардык саясий күчтөр, ошонун ичинде экс-президент Роза Отунбаева өлкөдө формалдуу болсо да президент жана парламент бар экенин моюнга алышты. Мыйзамдуу бийликти ушул эки институт аркылуу түзүүгө туура келет. Мыйзамга ылайык, эл ишенимине ээ болгон өкмөттү парламент кечиктирбестен түзүшү зарыл», — дейт Өмүрбек Чиркешович.

 Өмүрбек Текебаевдин арызын БШК эртең карайт

Бүгүн, 10-октябрда, Өмүрбек Текебаев мандатын кайтарып берүү боюнча БШКга арыз жазды. БШК ал арызды эртең, 11-октябрда карай турганы маалым болду.

Белгилей кетчү нерсе, бүгүн, 10-октябрда, саат 16:00до Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаӊы премьер-министрди шайлайт.

Азыркы учурда бизге жеткен маалымат боюнча бул кызматка Садыр Жапаровдон башка талапкер көрсөтүлбөтүр Анык маалымат бир аз убакыттан кийин такталат…

Эске сала кетсек, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “КАТ: «Укуктук талаага алып келүү Өмүрбек Текебаев менен Аида Салянованын гана колунан келет»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.