МИЛИЦИЯ: «Ала-Тоо аянтындагы башаламандык фактылары катталып, экспертиза дайындалды»

МИЛИЦИЯ: «Ала-Тоо аянтындагы башаламандык фактылары катталып, экспертиза дайындалды»

Ала-Тоо аянтындагы кечээги башаламандык фактылары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка таянсак, аянттагы таш менен уруу, курал колдонуу фактылары “Массалык башаламандык” беренеси боюнча бирдиктүү реестрге катталып, атайын экспертиза дайындалды.

Эске сала кетсек, кечээ, 9-октябрда, Ала-Тоо аянтына Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары келип митинг уюштурган. Ага Садыр Жапаровдун тарапташтары келип жолтоо болгон. Эки тараптын тирешинин аягы мушташка айланып, ок да атылган.

Эки тарап кагылышуусунда «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин  жансакчысы жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Саламаттык сактоо министрлигинин айтымында, алардын абалы орто. Кагылышта алардан тышкары жети адам жабыркаган.

9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койду.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.