Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ: «Коомчулук пикирин эске алып, мен кызматтан кетүүнү чечтим»

Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ: «Коомчулук пикирин эске алып, мен кызматтан кетүүнү чечтим»

Бүгүн, 10-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны болууда. Алар премьер-министрди шайлоо боюнча маселени карап, депутаттар Садыр Жапаровго суроо узатышууда.

Алгач жыйын башында убактылуу спикер милдетин аткарган Мыктыбек Абдылдаев сүйлөп, өз каалоосу менен отставкага кеткенин билдирди. «Мени оор кырдаалда бекитип бердиңиздер, ошондон тарта колумдан келишинче иштедим. Мыйзам боюнча менин отставкамды көңүлгө гана алып коюшуңуздар керек. Менин шайланышым боюнча коомчулукта ар кандай пикирлер айтылып жатат. Ошондуктан мен кызматтан кетүүнү чечтим«, — деди Мыктыбек Абдылдаев.

Эске сала кетсек,  6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылган эле. Бирок кечээ, 9-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн Жарлыгы менен  кызматтан бошоткон болчу.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

3 thoughts on “Мыктыбек АБДЫЛДАЕВ: «Коомчулук пикирин эске алып, мен кызматтан кетүүнү чечтим»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.