Премьер-министрдин милдетин Алмазбек Баатырбеков аткарууда

Премьер-министрдин милдетин Алмазбек Баатырбеков аткарууда

Бул тууралуу бүгүн, 10-октябрда, өкмөттүн басма сөз катчысы Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди. Анын айтымында, өкмөт башчысынын милдетин биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков  аткарып жатат.

Эске сала кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков кечээ, 9-октябрда, премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн отставкага кетирген. Бирок жаӊы өкмөт куралып келгенче премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, башка вице-премьер-министрлер, өкмөт мүчөлөрү убактылуу милдеттерин аткарып турушмак. Президент башка Жарлыгы менен Кубатбек Бороновду премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кызматынан да бошоткондуктан, өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруу, мыйзам боюнча, биринчи вице-премьер-министрге жүктөлгөн.

А бүгүн депутаттар толугу менен жыйылып, жаӊы премьер-министрди дайындоо маселесин карап жатышат… Алдын ала маалыматтар боюнча, бир гана адамдын талапкерлиги каралып жатыптыр…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.