Премьер-министрликке Аликбек Жекшенкулов, Узарбек Жылкыбаев жана Таалатбек Масадыковдун аты аталууда…

Премьер-министрликке Аликбек Жекшенкулов, Узарбек Жылкыбаев жана Таалатбек Масадыковдун аты аталууда…

Бүгүн, 10-октябрда, “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеӊеш депутаттарынын жыйыны болот. Анда премьер-министрди тандоо, дайындоо маселеси талкууланат. Алдын ала маалыматтарга караганда, үч кишинин аты аталууда. Алар: Кыргызстандын Россиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов, Узарбек Жылкыбаев жана Таалатбек Масадыков. Ага чейин кайсы бир партиялар атынан сунушталууда делип Өмүрбек Бабановдун, Клара Сооронкулованын, Тилек Токтогазиевдин, Алтынбек Сулаймановдун аттары аталып жаткан.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган) чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу жазган арызы айтылган. Бирок Бороновду кызматынан кечээ, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков бошотту.

Азыр болсо, VI чакырылыштагы ЖК депутаттарынын премьерликке эч кимди шайлабаган жарымы Садыр Жапаровду мыйзамсыз шайланды деп каршы чыгып, бир пикирге келише элек.

Садыр Жапаров болсо, «бу кызматка мыйзамдуу келдим, ишиме айрым саясатчылар тоскоол болуп жатат» деген пикирде. Анын жактоочулары да «бул кызматка Садыр бекимейинче кетпейбиз! Садыр! Садыр!” деп кыйкырып деп Эски аянтта, Өкмөт үйүнүн алдында турушат.

Кыскасы, талашка түшкөн бул тактынын тагдыры бүгүн чечилет…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.