Садыр Жапаров мыйзамдуу премьер-министр болду

Садыр Жапаров мыйзамдуу премьер-министр болду

Бүгүн, 10-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны болду. Алар премьер-министрди дайындоо маселесин талдап, жалгыз талапкерлиги каралган Садыр Жапаровду бул кызматка бекитип беришти.

Белгилей кетсек, бул жыйын башында спикердин милдетинбир аз күнгө убактылуу аткарган Мыктыбек Абдылдаев өз каалоосу менен отставкага кеткенин билдирди.

Эске салсак,  6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы да айтылган. Бирок кечээ, 9-октябрда, премьер-министрди жана башка өкмөт мүчөлөрүн президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыгы менен  отставкага кетирди. Анткен менен, жаӊы өкмөт куралып келгенче премьер-министр, биринчи вице-премьер-министр, вице-премьерлер, калган өкмөт мүчөлөрү убактылуу милдеттерин аткарып турушмак. Президент башка Жарлыгы менен Кубатбек Бороновду премьер-министрдин милдетин убактылуу аткаруучу кызматынан да бошоткондуктан, өкмөт башчысынын милдетин убактылуу аткаруу, мыйзам боюнча, биринчи вице-премьер-министрге жүктөлгөн. Бул милдетти бүгүн биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков  аткарып жаткан болчу…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

5 thoughts on “Садыр Жапаров мыйзамдуу премьер-министр болду

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.