ААЛЫ ТУТКУЧЕВ: «Батышчыл жана орусчул партиялардын талашы, Кыргызстан болууда алардын согуш талаасы»

ААЛЫ ТУТКУЧЕВ: «Батышчыл жана орусчул партиялардын талашы, Кыргызстан болууда алардын согуш талаасы»

Төкмө акын Аалы Туткучевдин адам өмүрү эӊ кымбат деп элге эскертип, эси жокторду ээрчибегиле деп спортчуларга жакшы акыл айтып, жылуу үйүндө жашынып жаткан депутаттарды ишке чыгып, абалды турукташтырып, мыйзамдаштырып бергиле деп чыркыраган тасмасы тарады. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон угуӊуздар:

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулуп, жаӊы премьер-министрди шайлай тургандыгын вице-спикер Аида Касымалиева кечээ, 9-октябрда, билдирген. Бирок VI чакырылыштагы ЖК депутаттары толук келеби-жокпу, аны бир Кудай билет. Аны алардын адамдык абийирине, жарандык ниетине койдук…

Эске сала кетсек, кечээ, 9-октябрда Ала-Тоо аянтына Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары келип митинг уюштурган. Ага Садыр Жапаровдун тарапташтары келип жолтоо болгон. Эки тараптын тирешинин аягы мушташка айланып, ок да атылган. Кагылышууда Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Ошондой эле 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарынын аймагына өзгөчө абал киргизүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон эле.

Салима  ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.