Видео — Өмүрбек БАБАНОВ: «Коркок дедиӊер, мен эч качан коркок болгон эмесмин»

Видео — Өмүрбек БАБАНОВ: «Коркок дедиӊер, мен эч качан коркок болгон эмесмин»

Өмүрбек Бабановдун кыргыз элине кайрылган видеосу «Фейсбуктагы» баракчасына жайгаштырылды. Анда ал: «Провокаторлор менен бандиттер тынч митингибиздин катышуучуларына таш ыргытып, ок атканы үчүн 5-октябрда жаштарыбыз чыккан эмес! Ойгон, элим! Мыйзамдык жол бар, моралдык жол бар. Моралдык жол жетишпейт биздин кыргызга. Ойгон, кыргыз элим!»

Эске сала кетсек, Ала-Тоо аянтында Атамбаев менен Бабановдун тарапташтары келип, митинг уюштурган. Садыр Жапаровдун тарапташтары келип жолтоо болгон. Эки тарап тирешип, аягы мушташка айланган. Кагылышууда Тилек Токтогазиев менен Темир Сариевдин жансакчысы жаракат алып, Улуттук госпиталга жеткирилген. Алардын акыбалы орто деп Саламаттык сактоо министрлиги билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.