Бабановдун акыбалы жакшы экенин жана ал кайда экенин штабы билдирди

Бабановдун акыбалы жакшы экенин жана ал кайда экенин штабы билдирди

Өмүрбек Бабановдун кайда экенин «Республика» партиясынын штабындагылар бүгүн, 11-октябрда билдиришти. Алардын айтымында, ал Бишкекте. Бир жакка кетүү планы жок. Абалы — жакшы. Эгер 9-октябрда Бишкектеги «массалык башаламандыкты уюштуруу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында башаламандыкты уюштургандарга тиешеси бар адамдарды иликтөө-издөө, кармоо, суракка алуу иштери жүргүзүлүп жатканы боюнча айтсак, Бабановду эч ким эч жакка чакырган эмес.

Эске сала кетсек, 9-октябрда, Ала-Тоо аянтына экс-президент Алмазбек Атамбаев, экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Сапар Исаков, экс-мэр Албек Ибраимов, «Замандаш» партиясынын лидери Жеӊиш Молдокматов, Тилек Токтогазиев, депутат Рыскелди Момбеков барып митинг уюштуруп жатышканда, Садыр Жапаровдун тарапташтары келип, таш, бутылка ыргытып кууп чыгышкан. Башаламандыкта ок да атылган эле.

Кечээ, 10-октябрда, Алмазбек Атамбаев кармалганын УКМК билдирген. Анын балдары да кармалып, кайра коё берилгени тууралуу экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаева журналисттерге билдирген. Ошондой эле бүгүн экс-депутат Равшан Жээнбеков кармалганын ИИМ билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.