Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ишке чыгып, жыйын өткөрдү

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ишке чыгып, жыйын өткөрдү

Бүгүн, 11-октябрда башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ишке чыкканы тууралуу басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, башкы прокурордун катышуусунда чукул жыйын өткөн. Ага Башкы прокуратуранын жеке курамы, Бишкек шаарынын, Чүй облусунун жана Бишкек шаары менен Чүй облусундагы райондордун прокурорлору катышкан. Аларга ишти штаттык режимде улантуу тапшырмасы берилген.

Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп, анын жыйынтыгына 12 партиянын лидерлери, тарапташтары нааразы болуп, 5-октябрда «Ала Тоо» аянтына митинг уюштурушкан. Аягында митингчилер Ак үйдү, УКМКны басып алып, бир топ саясатчыларды (А.Атамбаев, А.Ибраимов, Ф.Ниязов, С.Исаков, Ж.Сатыбалдиев, С.Жапаров, Р.Жээнбеков) бошотуп жиберишкен. Ошондон бери бир топ мекеменин жетекчилери иш ордунда жок дайынсыз болуп жатышкан.

Башкы прокуратурада да башка жердегидей жетекчи болуп убактылуу отургандар болду. Алгач бир катар ЖМК Башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп Алмамбет Шыкмаматов дайындалганын жазып чыгышкан. Шыкмаматов ал маалыматты төгүндөп, “Башкы прокурор кылып мени эч ким дайындаган жок. Болгону прокуратурага барып, туруктуулукту сактап туруу үчүн мыйзамдуулукту кармап тургула, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча каршылык көрсөткүлө, Матраимовдорго иш козгоп, чек араларды жаап, издөө жарыялагыла деп айттым” деген эле. Андан кийин эле «Чоӊ казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеев бул кызматка дайындалганын, атүгүл президент Сооронбай Жээнбековго, чуу жараткан Райымбек Матраимовго кылмыш ишин козгогонун да айтып чыккан эле…

Кийинчерээк прокуратурага мамлекеттик номуру жок кымбат машине менен келген Сыймык Жапыкеевди имаратка элдик кошуун киргизбей койгон…

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.