УКМК: «Камактан мыйзамсыз бошотулган Салайдин Авазов кармалды»

УКМК: «Камактан мыйзамсыз бошотулган Салайдин Авазов кармалды»

Бүгүн, 11-октябрда, «Электр станциялары» ААКнын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитети билдирди. Алардын маалыматына караганда, ал 6-октябрга караган түнү камактан мыйзамсыз бошотулганына байланышуу ыкчам издөө иштеринин натыйжасында кармалган. Авазов Жаза аткаруу кызматына караштуу абакка жеткирилген жана ошол жерде жазасын өтөөнү улантат.

Эске сала кетсек, Салайдин Авазов Бишкек жылуулук электр борборундагы коррупцияга байланыштуу абакка кесилген. 2019-жылы 6-декабрда Свердлов райондук соту өкүм чыгарып, 11 жыл үч айга эркинен ажыраткан.

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.