Видео — Раиса АТАМБАЕВА: «Балдарымды террористти кармагандай эки саат муздак жерге жаткырышты»

Видео — Раиса АТАМБАЕВА: «Балдарымды террористти кармагандай эки саат муздак жерге жаткырышты»

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева жолдошун, балдары Сеид менен Кадыр Атамбаевди кантип кармап кетишкенин «АКИпресс» журналисттерине айтып берген.

Раиса Атамбаеванын айткандары боюнча, алар Кой-Таштагы үйүндө түлөө өткөрөлү дешкен.

«Кечээ аянтта Алмазбек Атамбаевдин унаасына ок атышканын билесиӊер да. Тынчтык митинги эле болмок. Элдер куралсыз, эч нерсе жок жөн гана «Форумдан» келишкен эле. Ал (Алмазбек Атамбаев – ред.) унаага отурганга үлгүрдү. Кадимки эле согуштук октор экен. Ошондон биз түлөө өткөрөлү дегенбиз… Бул жерде туугандарыбыз бар болчу. Ойдо жок жерден досторубуз биз тарапка 10 БТР, 6-8дей чоӊ автобус баратат деп калышты. Алмазбек Шаршенович, албетте, мага, балдарга тынчсызданып, «мен жашарымды жашадым, сен балдарды алып кет» деп калды. Биз жыйналып, кетели деп калганбыз. Дарбаза аӊырайта ачык болчу. Анан эле менин унаам БТР менен кагышып калды. Автоматчан чуркап келип эле эшиктерди ачышты, балдарды жерге жаткырып, колдорун байлап, тепкилеп калышты. Темирлан, Сейид, Кадыр, анан айдоочу бала, алар балдар да, ар бирин коргогонго аракет кылдым», — деди үнү каргылданган Раиса Атамбаева.

Журналисттер Алмазбек Шаршенович боюнча сурашканда, «Алмазбек Шаршенович бул жерде калган болчу, азыр кайда, эмне болду, эч нерсе билбейм. Мага «балдар менен бол, силерге кооптонуп жатам» деди эле да. Балдарымды террористти кармагандай эки саат муздак жерге жаткырышты. «Кайсы кызматтансыӊар» дедим, «Скорпион» экен, баары беткапчан…» деди Раиса Атамбаева.

Кадыр АТАМБАЕВ: «Башыма тепкенде тишим түшүп калды»

А бүгүн, 11-октябрда, Р.Атамбаева балдары эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулганын, учурда алар үйүндө экенин журналисттерге билдирди.

Жабыр тарткан Кадыр Атамбаев атайын кызматтын тепкиси боюнча: «Атайын отряд мени жерге жаткырып, башка тепкенде алдыңкы тишим түшүп калды» деп билдирди.

Эске сала кетсек, кечээ, 10-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө жансакчылары Канат Сагынбаев жана Дамир Мусакеев менен кошо кармалган. Алар 9-октябрда Бишкектеги «массалык башаламандыкты уюштуруу» боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалышканын УКМК билдирди.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.