Вице-спикер Аида Касымалиева кечээги жыйында коркутууга дуушар болгонун Бакыт Аманбаев четке какты

Вице-спикер Аида Касымалиева кечээги жыйында коркутууга дуушар болгонун Бакыт Аманбаев четке какты

Вице-спикер Аида Касымалиева VI чакырылыштагы ЖКнын айрым депутаттарынын кечээги кезексиз жыйынында өзү жана башка депутаттар коркутууга кабылганын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, кечээ премьер-министрликке Садыр Жапаровду дайындоонун алдында коркутууга дуушар болгондуктан залды таштап кетүүгө аргасыз болгон. Тагырагы, аны жана башка бир топ депутаттарды «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Урматбек Самаев «добуш бересиң» деп «Ормон опузага» салган. Аида Урматтан жана анын шефинен коркпостугун,  коомдук транспортко түшүп жалгыз жүрөөрүн, кызына, үй-бүлөсүнө бир нерсе болсо, баары жазылганын, андан тышкары, ал жыйында кворум болбогонун, мыйзам одоно бузулганын баса белгилеген. Жогорку Кеңеш аппаратынын жетекчисине телефон чалып, добушу кворум үчүн эсептелбестигин эскерткен. Бирок, анын добушу кворум үчүн катталып калган.

Бакыт АМАНБАЕВ: «Касымалиева жыйынга катышып, каршы пикирин айтышы керек болчу»

“Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка шайлоого катышкан мурдагы Акыйкатчы Бакыт Аманбаев вице-спикер Аида Касымалиеванын айткандарынын баары жалган деп «Азаттыкка» билдирген.

Төрт күндөн бери Кыргызстан оор абалда, өлкөбүздү жоготуп алуу коркунучунда турат. Бирден-бир легитимдүү орган деп Жогорку Кеңеш аталып жатат. Жогорку Кеңеш жыйынга чогулуп туруп, өлкөнү укуктук талаага келтирүүгө ар бир депутат өзүнүн атуулдук милдетин аткарып, отурумга катышып, каршы болсо каршы пикирин айтышы керек болчу да. Тескерисинче, отурумга келип, бирок катышпай кетип калып, ар кандай сөздөрдү айтууну кандай деп бааласак болот? Коркутту десе, ал мектептин кичинекей окуучусу же катардагы адам эмес да. Ал деген Жогорку Кеңештин депутаты. Эмне үчүн ошол жерде маалымат жыйынын өткөрбөйт. Анткени ал жерде ЖМК өкүлдөрү көп жүрдү”,-деген Б.Аманбаев.

Эске сала кетсек, кечээ, 10-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттары «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында кезексиз жыйынга чогулуп, премьер-министрликке бир добуштан Садыр Жапаровду бекитип беришкен.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

3 thoughts on “Вице-спикер Аида Касымалиева кечээги жыйында коркутууга дуушар болгонун Бакыт Аманбаев четке какты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.