Балбак Түлөбаев: «Садыр Жапаров арызымды кабыл албай койду, «иштеп бер» деди»

Балбак Түлөбаев: «Садыр Жапаров арызымды кабыл албай койду, «иштеп бер» деди»
Балбак Түлөбаев Садыр Жапаров менен жолукканы тууралуу Facebook баракчасына мындай билдирүү калтырдган:
«Калайык! Премьер-министр Жапаров Садыр Нуркожоевичке кирип арызымы бердим. Кабыл алган жок! «Люстрацияга барайын, моралдык укугум жок кете берейин» дедим. «Кыйын убакта, ушул учурда элиңе бар, иште, убагы келгенде көрөбүз калганын» деди«.

Эске сала кетсек, мурдагы премьер-министр Кубатбек Бороновдун буйругу менен Балбак Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп ушул жылдын 27-июлунда дайындалган. Бул кызматка чейин ал Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеген. Ага чейин «Аю Холдинг» ишканасынын вице-президенти болуп иштеген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.