БЕКНАЗАРОВ: «Президентти кетирүүнүн автору эл эмес, Атамбаевдин шайкалары жана Бабанов, Момбеков»

БЕКНАЗАРОВ: «Президентти кетирүүнүн автору эл эмес, Атамбаевдин шайкалары жана Бабанов, Момбеков»

II, III чакырылыштагы ЖК  депутаты, мурдагы прокурор, эки революциянын катышуучусу, кезинде Убактылуу Өкмөт төрайымынын прокуратура жана күч органдарын тейлеген орун басары, 2017-жылы президенттикке талапкер, 2019-жылдын 26-декабрынан Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Азимбек Бекназаров замандаштарына, президентке, депутаттарга төмөндөгүдөй кайрылуу жасады:

Урматтуу Замандаштар!

Абал бир аз болсо да жакшырганы менен өлкөнүн, элдин эртеңкиси белгисиз, туңгуюк бойдон турат. Эл өкүлдөрү делген Жогорку Кеңештин депутаттары ушундай оор күндөрү да элди, өлкөнү ойлобой, адаттарынча көпчүлүгү жеке кызыкчылыктарын ойлоп ар кайсы эшикти сагалап жүрүшсө, айрымдары партиялык кызыкчылыктан өйдө көтөрүлө албады. Жогорку Кеңеш Конституциялык ыйгарым укуктарын аткарып, мыйзамдуу жыйын өткөрүп, жаңы Өкмөт башчысын шайлап саясий курч абалды турукташтыруунун ордуна кворум түзбөй качып жатышканы ага далил.

Азыр Кыргызстан бүткүл дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда. Алар «кыргыздар өз мамлекетин кантип сактап, өтө оор абалдан кандайча чыгаар экен» деп карап турушат. Кыргыздардын акыйкаттык, таза шайлоо үчүн күрөшүнө суктанып «Бали,кыргыз!», «Жаша,кыргыз!» дегендер көп, бирок ар кайсы партиялар аркылуу кыргыздын ынтымагын бузуп, Кыргызстандын эгемендигине, көз карандысыздыгына шек келтирип, кыргыздарды «ынтымагы жок, өзүнчө мамлекет кура албаган эл» деңгээлине түшүрүп, анан Крым жолу менен Россияга кошууну каалаган сырткы, ички күчтөрдүн иш-планы ошолордон каржыланган партиялар, жеке инсандар аркылуу активдүү ишке ашырылууда. Ал эми батышчыл партиялар болсо, азыркы партиялык тизме менен шайлоо системасын сактап калып, кыргыздын каада-салтын, тилин, маданиятын, динин, акырында өзүн жок кылууну улантууда. Айтор, Кыргызстан бүгүн дүйнөлүк эки чоң державалык саясаттын саясый күрөш майданына айланды…

Ушундай учурда, илгертеден каныбызга сиңген, кыргыздын башына кыйынчылык түшкөндө бириге калчу касиети бизди жоготпой, орусчулуна да, батышчылына да алданбай, түпкүлүктүү, уюткулуу журт экенибизди дагы бир жолу көрсөтөлү. Болуп көрбөгөндөй сак бололу! Чыныгы кыргыз болсоң, мекенчил болсоң, ар бир айыл, шаарларда ыктыярдуу элдик кошуун түзгүлө. Шайлоо өнөктөштүгүндө кайсы партия кимдики экенин жакшы билбесең да, шайлоо бүткөндөн берки 8 күндө, кимдин ким экенин, эмне максаты бар экенин көрдүңөр, угуп жатасыңар. Кыргызды өз депутатын түз, тике тандатпай мал катары эсептеп, өздөрү түзгөн партиялык тизмени шайлатуунун кесепетин, максатын 2008-жылдан бери көрүп келсеңер, эми акыркы 8 күндө толук түшүндүңөр го деп ойлойм.

Ал эми Жогорку Кеңеш болсо, тез арада абалды оңдоонун ордуна, кайра кворум түзбөй абалды улам-улам курчутууда. Ушундай абалда кворум түзүп, мыйзам жолу менен Өкмөттү түзүү, жаңы шайлоо үчүн мыйзамдарды оңдоодон качкан депутаттарды элдин, мамлекеттин душмандары экенин аттары менен билип, эстеп койгула!

Урматтуу президент!

Сиз  мамлекет башчысы, башкы кол башчы катары, Конституциядагы бардык ыйгарым укуктарыңызды чечкиндүү, тайсалдабай колдонууга дагы бир жолу чакырам. Элдин көпчүлүгү ошону күтүүдө. Жогорку Кеңеш кворум түзүп төрагасын жана Өкмөт башчысын Конституцияда көрсөткөн мөөнөттө мыйзам чегинде шайлай албайбы, анда Конституциянын 84-беренесине  жараша аракеттениңиз. Ал мөөнөт 9-октябрдан башталды. Ушундай абалда «кетүү» жөнүндө ойлонбоңуз! Сизди кетирүү жөнүндөгү кампаниянын авторлору эл эмес! Алар болгону Атамбаевдин куралдуу шайкалары менен тымызын биригишкен Бабанов, Момбеков жана алар менен жүргөндөр. Айрым партиялар кандай экенин кечээ аянтка Атамбаевди ээрчип келишкенде эл өзү көрдү, түшүндү. Калганын тергөө аныктайт. Эми болсо, «эки-үч күндө өзү кетем деди» деп алардын ордун башкалар ээлеп алууну каалары да билинип жатат. Эл ак-караны, кимдин ким экенин биротоло билди го деп ойлойм. Жаңы шайлоо системасы менен эл түз тандаган депутаттардан түзүлгөн Жогорку Кеңеш келгиче, Жогорку Кеңештин аткара турган айрым иштерин өз Жарлыгыңыз менен ишке ашырууга чакырам.

Элдин башында пандемия деген балээ турганда, Жогорку Кеңештин кворум түзбөө оюну бул элге, мамлекетке жасаган кезектеги кылмышы. Азыр өлкөгө белгисиздик, башаламандык эмес катуу, күчтүү ачык бийлик керек. Сиз элге таяныңыз, элдик кошуундарды уюштуруп, башаламандык чыккан жерлерге тезинен коменданттык саат киргизүү керек. Зарылчылык болсо, өзгөчө абал киргизүүгө чакырам.

Урматтуу депутаттар!

Кыргызстанды бүгүнкү абалга, улам жаңы президенттин, анын жакындарынын көзүн карап жүрүп силер алып келдиңер! Эми жок дегенде, бир жолу мамлекет, эл үчүн кворум түзүп, жаңы Өкмөттү түзүп, шайлоо системасын Конституциянын 2-беренесине шайкеш келтирип, оңдоп, элге өз депутатын түз шайлаган конституциялык укугун кайтарып берип, кичине болсо да эл алдында күнөөңөрдөн арылууга чакырам. Силер Өкмөт түзбөсөңөр, эски Өкмөт ишин убактылуу жүргүзө берерин билесиңер! Силер иштебесеңер, шайлоо системасын  президент өз Жарлыгы менен киргизип жаңы шайлоо өткөргөнгө азыркы силер түзгөн абал жана кырдаал мажбурлаарын да билесиңер? Ал коңшу Казакстанда эчен ирет колдонулган. Эгерде президент, Жогорку Кеңеш, аларга кошулуп ара төрөлүп бутуна турбай жатып Кумтөр боюнча өзүнүн анык жүзүн көрсөткөн «Өкмөт Башчы» -баарыңар бирикпей,  жеке кызыкчылык үчүн бири- бириңер менен мышык-чычкан ойногонду токтотпосоңор, бийликтин, эгемендиктин ээси — Кыргызстандын эли чындап өз укугун пайдаланат. Кеч боло элегинде эсиңерге келгиле! Бириңерге бириңер ишенгиле!

Ал эми партиялык тизмени шайлатуу шайлоо системасын сактап калабыз деген депутаттарга, саясатчыларга айтарым: Болду жетишет! Элди макулук катары эсептеп, өзүңөр акчасына карап түзгөн тизмеңерди элге чыгарып, акча таркатып, добуш сатып алып коррупцияны гүлдөтүп келгенсиңер! Шайлоо таза өткөн жок дейсиңер, аны таза кылбаган, элге акча тараткан ким? Өзүңөр! Партиялык тизмени шайлатуу системасын мыйзамсыз колдонуп келген 2008-жылдан 2020-жылга чейин өлкөгө тийгизген зыяндын өлчөмү орду толгус; эсеп жетпейт: жерибиздин бүтүндүгү бузулду, элдин ынтымагы кетти, кен байлыктардын баары, Кумтөр баш болуп, элдин үлүшү аныкталбай чет элдиктерге берилди, убагында энергетика, жайлоолорго чейин жеке менчикке сатылды (Бакиевдин заманында), паспорттогу улуту деген графага чейин жоюлду, саясый партиялар ОПГ уюмуна айланды; Элибизден намыс,уят кетти, мамлекет, анын эгемендүүлүгү менен көзкарандысыздыгы коркунуч такалды, ачыктан-ачык элге эмес, кайсы бир чет өлкө бийлигине кошомат кылышкан Абыке, Көбөштөр, саясат, мыйзамэмес, фамилиясын араң жазган көпөс, жетелеме, кошоматчы депутаттар, алардын партиялары көбөйдү. Акылды кара күч,  чындыкты ушак менен жалган, адалды арам жеңе баштады.

Мындай шайлоо системасы өлкөдөгү коррупциянын бирден-бир булагы болуп калды. Баары партиялык тизмени түзүүдөн эле башталат. Мындан чыгуунун жолу — азыркы шайлоо системасын оңдоп, анан жаңы шайлоого (кайра шайлоо эмес) баруу..

Урматтуу замандашым, келгиле, биз дагы өз салымыбызды ар кимибиз өз жандүйнөбүзгө революция жасоодон, пейилди оңоодон баштайлы!

Урматтуу президент, мамлекеттин эгемендүүлүгү таптакыр жоголуп кете электе аны сактап калуу үчүн чындап токтоосуз чоң реформаны өзүңүз баштаңыз. Болбосо тарыхтагы ордубуз кечиримсиз болот!

Эске сала кетсек, 2019-жылы 17-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинде Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси кызматына Азимбек Бекназаровдун талапкерлиги каралып, 12 депутаттын добушу (бирөө каршы болгон) менен колдоо тапкан. 26-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Жарлыкка коюп, Азимбек Бекназаров Кыргызстандын Малайзиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “БЕКНАЗАРОВ: «Президентти кетирүүнүн автору эл эмес, Атамбаевдин шайкалары жана Бабанов, Момбеков»

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.