Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү арызын БШК канааттандырган жок

Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү арызын БШК канааттандырган жок

Бүгүн, 12-октябрда, Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) экс-депутат Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү арызын карап, канааттандырган жок. Бул тууралуу Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирген. Айтымында, бул маселе БШК жыйынында каралган, бирок БШК мүчөлөрү толук катышкан эмес жана кайтарып бергенге бош мандат жок.

Текебаев Өмүрбек Чиркешовичке мандатты кайтарып берүү боюнча даярдалган чечимдин долбоорун коллегалар кабыл алган жок. Биз бул маселени БШК мүчөлөрүнүн сегизден кем эмеси менен кабыл алышыбыз керек. Тийиштүү добуш жеткен жок. Маселени кароого негиз БШК мүчөлөрүнүн толук курамы болгондо, андан сырткары, бош калган мандат болсо пайда болот. Бош мандат болсо, ошону өткөрүп берүү жөнүндө маселени карасак деген чечимге келдик” деди А.Бекматов.

Эске сала кетсек, 10-октябрда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев БШКга депутаттык мандатын кайтарып берүү тууралуу арызын берген. Ал мандатынан сот иштерине байланыштуу 2017-жылы ноябрда ажыраган.

2017-жылы Өмүрбек Текебаев жана мурдагы министр Дүйшөнкул Чотонов Орусия жарандары Леонид Маевский менен Алексей Модиндин «пара алган» деген жалган жалаасы, андагы ажо Атамбаевдин буйругу менен кармалып, камалган. Бул иш сотто каралып, ар бирин 8 жылга кесишкен эле. 2019-жылы Жогорку сот жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу ишти кайра карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылган. Бирок, бул маселеге толук чекит коюла элек. Тагырагы, Бишкектеги Биринчи май райондук сотунда иш кайра каралууда.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

2 thoughts on “Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайтарып берүү арызын БШК канааттандырган жок

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.