МЭРИЯ: «Бишкектеги башаламандыктагы чыгым 17 миллион сомдон ашты»

МЭРИЯ: «Бишкектеги башаламандыктагы чыгым 17 миллион сомдон ашты»

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматы бүгүн, 12-октябрда журналисттерге билдирди. Алардын айтымында, Бишкектеги башаламандыкта 13 автобус, 16 Кайгуул кызматтык машина, 7 тез жардам жана «Ала-Тоо» аянтындагы 65 чарчы метрлик граниттик плита талкаланган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жалпы чыгым 17 миллион сомдон ашкан.

Башаламандыкта үч адам «мэр» болууга жетишти…

Белгилей кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын лидерлери, тарапкерлери 5-октябрда «Ала Тоо» аянтына чыгып, тынчтык митингин уюштурган. Тилекке каршы, анын аягы башаламандык менен аяктаган. Ак үйдү басып алып, мамлекеттик мүлктү талкалашты. Бул чыгым эсептелине элек.

6-октябрда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кызматтан кетүү боюнча арызын жазган. Бирок, анын арызына шаардык кеңештин депутаттары кол коё элек болчу.

8-октябрда, Азиз Суракматов кызматына кайтып келген. Тагырагы, аны колдогондор мэриянын алдында чогулуп, анын ишин улантуусун талап кылган. Анда ал журналисттерге мэрияны белгисиз адамдар басып алгандыктан, алар менен конфликт болуп кетпеш үчүн үйүнөн иштеп турууну чечкенин айткан. Ал ортодо үч адам «мэр» болуп кетишти. Тагырагы, 6-октябрда, эртең менен координациялык кеңеш Жоошбек Коёналиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындаган. Ошол эле күнү, ошол эле коордицинациялык кеңеш кечке маал чечимин өзгөртүп, Мирлан Бакитаевди бекитишкен. Ал 15 саат кызмат кылгандан кийин, анын ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Алмаз Бакетаев келген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.