Муфтий коронавирус кайрадан күчөп баратканын эскертип, бүгүн Куран хатым окууга чакырды

Муфтий коронавирус кайрадан күчөп баратканын эскертип, бүгүн Куран хатым окууга чакырды

Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда, муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Айтымында, муфтий Максатбек Токтомушев Куран хатымды мамлекеттин туруктуулугу, элдин ынтымагы жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн окууну буйруп, ар бир окулган Куран хатымды эсепке алууну муфтияттын аппарат башчысы Равшан Эратовго тапшырып, дин кызматкерлерин бул иште кайдыгер болбоого жана Куран окуганды билген бардык жарандарды Куран хатым окууга чакырган.

Ошондой эле муфтий дин кызматкерлерине кайрылып, коронавирус кайра күч алып баратканын, мамлекет келечегин, элдин амандыгын тилеш керектигин эскертти. “Алла Таалага кайрылып, мындай оорунун кайра кайталанбоосун, элибизге өзүнүн залакасын тийгизбөөсүн жалбарып сурайлы!» деди.

Бир суткада эле 5 адамдын өмүрүн алып кеткен коронавирус

Эске сала кетсек, быйыл, мартта коронавирус жайылып, июлда катуу курчуп, миңден ашуун адамдын өмүрүн жалмап кеткен. Соӊку эки жумадан бери вируска чалдыккандардын да, каза болгондордун да саны кайра көбөйүп жатканын Саламаттык сактоо министрлиги эскертип жатат. Айтымында, Кыргызстанда акыркы бир сутка ичинде эле 22 медицина кызматкеринин анализинен коронавирус чыккан. Эң көп учуру Ош облусунда катталган: ал жерде сегиз, Ош шаарында үч, Баткен облусунда үч, Жалал-Абад облусунда үч, Бишкек шаарында эки, Чүй облусунда бир медкызматкер вирус жугузуп алганы аныкталган.

Мына, бүгүн, 12-октябрда бир суткада эле 5 адамдын өмүрүн алып кеткенин Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб билдирди. Айтымында, үчөө Ош облусу, бири Ош шаарында, бири Талас облусунда катталган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.