Президент Бишкек шаарынын аймагына кайтадан өзгөчө абал режимин киргизди

Президент Бишкек шаарынын аймагына кайтадан өзгөчө абал режимин киргизди

Бүгүн, 12-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Бишкек шаарынын аймагына кайтадан өзгөчө абал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Алардын айтымында, аталган чечимге Жогорку Кеңештин үч күн ичинде буга чейинки борбор калаанын аймагында өзгөчө абал режимин киргизүү жөнүндө маселени карабагандыгы менен негиз болгон.

Массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаал сакталгандыгына байланыштуу, КРнын Конституциясынын 15-беренесине, 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана Кыргыз Республикасынын «Өзгөчө абал жөнүндө» конституциялык мыйзамынын 3, 4, 7, 8-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын, алардын коопсуздугун сактоонун өзгөчө кызыкчылыгын көздөп, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу, Бишкек шаарынын аймагында коомдук тартипти камсыз кылуу максатында токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 12-октябрынан саат 20.00дөн баштап 2020-жылдын 19-октябрына саат 07.00гө чейин өзгөчө абал киргизилсин.

2. Өзгөчө абал киргизилген мезгилде Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын коменданты болуп (мындан ары — Комендант) дайындалсын.

3. Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:

1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо убактылуу жашаган жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш пландарына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

10) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

11) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

12) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

13) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү тууралуу кошумча милдеттер киргизилсин.

6. Комендант Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коопсуздугун камсыз кылуу боюнча толук чараларды көрсүн.

7. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы, ишке тартылган башка мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоодо, коопсуздугун камсыз кылууда Комендантка бардык бар болгон каражаттары жана күчтөрү менен ар тараптан көмөк көрсөтсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Генералдык штабы өзгөчө абал режимин кармап туруу максатында блок-постторду уюштуруу, куралдуу кагылышууларды болтурбоо, коомдук тартипти сактоо жана элди коргоону камсыз кылуу үчүн аскер техникасы менен аскердик түзүлүштөрдү Бишкек шаарынын аймагына киргизсин.

9. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында жарандык, жазык, административдик иштердин, жоруктар жөнүндө иштердин, ошондой эле сотко чейинки өндүрүштүн материалдарынын аймактык сотко караштуулугун өзгөртүү укугу берилсин.

10. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:

1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилинде Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

11. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзгөчө абалды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон каражаттарды бөлүп берүүнү карасын.

12. Түзүлгөн кырдаалды курчутууну болтурбоо максатында жалпыга маалымдоо каражаттары өзгөчө абал киргизилген мезгилде Комендант берген маалыматтарды таратсын.

13. Бул Жарлык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

14. Бул Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.