ЖАМК: «Сапар Исаков менен Албек Ибраимов мекемеге кайтып келе элек»

ЖАМК: «Сапар Исаков менен Албек Ибраимов мекемеге кайтып келе элек»

Экс-премьер-министр Сапар Исаков менен экс-мэр Албек Ибраимов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемесине кайтып барыша элек. Бул тууралуу бүгүн, 12-октябрда, ЖАМК басма сөз кызматы билдирди.

Айтымында, алар менен катар Б.Ж.Куланбаев, Куланбаев С.К дегендер да бара элек.

6-октябрда Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин негизинде жаза мөөнөтүн өтөп жаткан бир катар адамга убактылуу абактан чыгууга уруксат берилген. 12-октябрда экс-премьер-министр Сапар Исаков, экс-мэр Албек Ибраимов, Куланбаев С.К. жана Куланбаев Б.Ж. берилген убактылуу эркиндик убактысы аяктамак. Талап боюнча алар кайра кайтып барышы керек болчу, болбосо, укук коргоо органдары аларга карата тийиштүү чараларды көргөнгө мажбур болот. Бул билдирүүдөн кийин жаза аткаруу мекемелерине Салайдин Авазов, экс-депутат Райкан Төлөгөнов жана Улуттук энергохолдинг мурунку жетекчиси Айбек Калиев кайтып барышкан.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев да №47 абакка кайтып барар менен саламаттыгы начарлап, Улуттук кардиология жана терапия борборуна ЖАМК кызматкерлеринин көзөмөл алдында дарыланууга жаткырылган.

Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына 12 партия лидерлери, тарапкерлери нааразы болуп, Ала-Тоо аянтында митинг уюштурушуп, аягы митингчилердин Ак үйдү, УКМКны да басып алуусу менен аяктап, жаза өтөө мекемелеринен бир топ адамды бошотуп жиберишкен. Бир жума өтүп-өтпөй Алмазбек Атамбаев жана анын жансакчылары кайра кармалган.

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.