МУСАБЕКОВА: «Аида, мени ОПГ кылып салыпсың. Жалган жалааң үчүн сени менен сүйлөшөм!»

МУСАБЕКОВА: «Аида, мени ОПГ кылып салыпсың. Жалган жалааң үчүн сени менен сүйлөшөм!»
Бүгүн, 12-октябрда, депутат Жылдыз Мусабекова вице-спикер Аида Касымалиева тууралуу «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү калтырды. Аны эч өзгөртүүсүз, толугу менен беребиз.
Аида Касымалиева, ким сени коркутуп атса ачык чыгар. Бирок, өзүңдүн кир оюндарыңа мени аралаштырып, жалган жалаа жаппа! Куйтулуктун да чеги болот. Мен сени коркутмак тургай, сүйлөшкөн да эмесмин. Резиденцияда өзүң келип учурашкансың. «Достукка» чакырдың, бардым, ошо жерде да сен, Мыктыбек Юсупович, Камчыбек Ташиев үчөөң кичинекей бөлмөдө отургансың. Кол коюп чыгып кеттим. Депутаттар чогулганча, ошо жерден «мен чоңмун» дегендей каада көрсөтүп эле отурду элең го. Сенин текебер мүнөзүңдү баарыбыз эле билебиз. «Азаттыкта» коллегаларың сен жөнүндө терс пикир айтса сага болушчумун. Көрсө, чын экен да. Мага жалган жалаа жаппа!
Сен эне болсоң, мен да энемин, сенде бир кыз болсо, менин төрт кызым, бир уулум бар. «Коркутту» деп өз кадыр-баркыңды жөн эле көтөрө бербе. ФБда сени жазып сөккөндөр, мени деле сөгүп атат, ага териккен, корккон жокмун. Кримдүйнөнүн чыныгы адамдары аялдар менен кармашпайт, ошону бил. Бирөө тамашалап койсо керек, сени эрмектеп. Кумурсканы пил кылба! Мен сага окшоп жасалма сүйлөбөйм, эл алдында атайы оңдонуп. Сөкчүнү сөгүп, тепчүнү тээп эле коём.
Айтмакчы, «троллейбус менен жүрөм» деп жаныңды жегенде биз, коллегалар, айраң таң калганбыз. Уял! Вице-спикер болуп мамлекеттин машинасында жүрүп, өзүң троллейбуска түшүп, сүрөткө тартып чыгарганыңда эле түңүлгөм. Мамлекеттин акчасы менен Ошко канча жолу учканыңды да унутпа ээ!
Аида Касымалиева, сен өзүң мамлекеттин машинасында, шоопур менен жылуу-жумшак жүрүп, өзүңдү троллейбуска түшүп сүрөтүңдү ФБга чыгарганда эле түңүлгөнбүз. Калп айтуу сенин жумушуң экенин эл билбесе да биз билебиз. Текебер мүнөзүңдү, он жыл окуган классташың, бир тууганың Лунара Мамытованы жаманатты кылган сен бизди аяйт белең, бети жок.
…Мени тим эле ОПГ кылып салыпсың. Эми жалган жалааң үчүн мен сени менен сүйлөшөм. Таарынып, ыйлактабайсың. Жетишет сендей куйту, эл бузарлар!
… Ыймандуу, маданияттуу, тартиптүү болбо эл алдында, 3 жыл депутат болдуң, интригадан башың чыкпады. Санап беребиз.
Эске сала кетсек, кечээ, 11-октябрда Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин 10-октябрдагы премьер-министрлик кызматка Садыр Жапаровду дайындоо боюнча кезексиз жыйынында коркутууга дуушар болгонун, аны депутат Урматбек Самаев «добуш бересиң» деп коркутканын «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыккан. Бүгүн, 12-октябрда У.Самаев анын айтканынын баарын төгүнгө чыгарды.
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.