Аден ТУРУСБЕКОВ: «Митингде колунан ажыраган айылдашыма Өкмөт тарабынан үй берилип калаар»

Аден ТУРУСБЕКОВ: «Митингде колунан ажыраган айылдашыма Өкмөт тарабынан үй берилип калаар»
6-октябрда Бишкектеги нааразылык митингинен кийинки кагылышта оң колунан ажыраган 19 жаштагы Ырыскелдинин айылдаш кошунасы Аден Турусбеков «Фейсбуктагы» баракчасына аянычтуу билдирүү калтырды. Анда ал Ала-Тоо аянтындагы окуянын чордонунда жүргөн Ырыскелдинин жанына үн чыгаруучу граната түшүп жарылып, колу катуу жабыркап ооруканага жеткирилгенин, бирок колунан ажырап калганын, азыркы абалын жазыптыр.
19 жашында оң колунан ажыраган Ырыскелди — менин айылдаш кошунам. Алты бир туугандын улуусу. Митинг күнү көпчүлүк жаштар сыяктуу адилеттүүлүк издеп аянтка келген Ырыскелди окуянын чордонунда жүргөн. Анын жанына үн чыгаруучу граната түшүп жарылат. Дароо четке чыгып колун караса сөөгүнө чейин быркырап кеткенин көрөт. Жанында жүргөндөргө колумду бекем таңып берип койгулачы деп кайрылса, көргөндөр жүрөгү түшүп жакын жолобой басып кетишет. Бир маалда колтугун кысып жүргөн баланы айылдаштары таанып калып жанына жүгүрүп келет. Эки кегетилик бала анын кан токтобой агып жаткан колун чүпөрөк менен таңып, ооруканага алып келишет. Ал жерге барганда врачтар жетишсиз болуп, берки доктурларды чакырайын десе, телефон байланыш жок, эптеп вай-фай менен вотсаптан чалып чакырып, доктурлар өз алдынча кеңешип жаш баланы сактап калуу максатында колун кесүүгө аргасыз болушат.
Бүгүнкү күндө инимдин дең соолугу канааттандырарлык, маанайы дагы жакшы.

Ырыскелди инимдин тамашаларынан…

1. Ага ак халатчандар капельница койгону келгенде жуурканын ачпастан бул колума сайгыла деп он колун көрсөтөт медайым жуурканын ачып «апей» деп чочуп кетет.
2. Ага достору «видеозвонок» менен чалып колуңду көрсөтчү десе, сол колун көрсөтөт. Достору колуңду көрсөтпөйсүңбү десе, бир колум эле болсо, кайсы колумду көрсөтөм» деп коёт.
3. Ага кыздар инстаграмдан жазып «эмне жооп бербей жатасыз» десе, бир колум менен жазып жетишпей жатам деп тамаша кылат.
4. Врачтарга венам көгөрүп кетти, кечке эле сол колума капельница кое бербей бул колума деле койбойсуңарбы дейт.
5. Кол дагы тырмак,чач сыяктуу кайра өсүп кетсе жакшы болмок. Түшүмдө колум кайра өсүп калган болот. Оң колум менен тизгин кармап ат минип жүргөн болом дейт.

Ырыскелди үй алууну пландап жатканда кырсык болуп кетти…

Ырыскелди буга чейин «Кут» курулуш компаниясында монолит куюп иштечү. Ал акча топтоп шаардан үй алууну пландап жаткан. Эми кырсык экен. Өкмөт тарабынан үй берилип калаар. Ошондой эле кайрымдуулук иштери менен алек болгон курулуш компаниялары дагы демилгени жерге калтырбайт болуш керек.

Үмүтбектин өмүрүн жалмап кеткен жардыргыч…

Митингдеги кагылышууда 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу  жардыргычтан улам каза болгон эле. Маркумдун сөөгү 8-октябрда тууган жеринде — Баткен облусундагы Лейлек районунун Кара-Булак айылында жерге берилген.
Эске сала кетсек,  4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына 12 партия лидерлери, тарапкерлери нааразы болуп, 5-октябрь түнү Ала-Тоо аянтындагы митинг уюштурушкан. Аягы милициялар менен элдин кагылышуусу менен аяктаган. Анда бир топ адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда, Үмүтбек буту катуу жанчылып олуттуу жаракат алып, көп узабай ооруканадан көз жумган. Өмүрүн тобокелге салып ата-энесин сыздатып кеткен, аянтка адилеттүүлүк издеп барып каза болгон Үмүтбектин үмүттөрү акталып, аты даңкталып, оң колунан ажырап жарым жан болуп калган Ырыскелди үй алып, ырыс-кешиктүү болсун ылайым…
Кайран гана, 19 жаш…
Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.