БУУ: «Кыргызстандагы бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп Жээнбековду тааныйбыз»

БУУ: «Кыргызстандагы бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп Жээнбековду тааныйбыз»

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстандагы конституциялык бийликтин мыйзамдуу өкүлү деп президент Сооронбай Жээнбековду гана тааныйт. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын айтымында, бул тууралуу кечээ, 12-октябрда БУУнун баш катчысынын Борбор Азия боюнча өкүлү Наталья Герман тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен телефон аркылуу сүйлөшүп жатканда билдирген.

Н.Герман бул уюм Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болуп келгенин жана кызматташтык улана берерин баса белгилеп, өлкөдө түзүлгөн кырдаалдан тынч жол менен чыгууга чакырган. Ошондой эле ал президенттин мыйзамдын негизинде, бардык саясий күчтөрдүн колдоосу менен туура чечимдерди кабыл аларына үмүт бар экенин билдирген. БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанда болуп жаткан окуяларга кылдат көз салып жатканын жана кризистен чыгуу жолдорун табууга, жаңы парламенттик шайлоо өткөрүүгө жана экономиканы тезинен турукташтырууга жардам берүүгө даярдыгын билдирген.

Ал эми министр Айдарбеков БУУ өкүлүнө ыраазычылык менен катар президент Жээнбеков Кыргызстанда болуп жаткан саясий процесстерди мыйзам нугуна бурууга бардык аракеттерди көрүп жатканын айткан.

Эске сала кетсек, 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттин жыйынтыгына нааразылык митингинен кийин өлкөдө башаламандык болуп, саясий кризис орногон. Мөөнөтү аяктап бараткан алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңеш депутаттарынын 10-октябрдагы кезексиз жыйыны премьер-министр катары тааныган Садыр Жапаровдун тарапташтары президент Сооронбай Жээнбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда.  Жогорку Кеңеш депутаттарынын бир бөлүгү, бир катар саясий күчтөр болсо, Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоону легитимсиз деп жатышат.

Бир пикирге келе албай жаткан Жогорку Кеңеш депутаттары бүгүн, 13-октябрда, саат 16:00дө «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына кайрадан кезексиз жыйынга чогула турганын парламенттин маалымат кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу билдирген. Анын айтымында, депутаттар сессияда президенттин өзгөчө абал боюнча жарлыгын карашат.

Эске сала кетсек, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, президент 12-октябрда ушундай эле жарлыкка кайра кол койду. Мыйзамга ылайык, эгер парламент үч күн ичинде бекитип бербесе, бул жарлык да мурункусундай күчүн жоготмок.

Жарлыкка ылайык, Бишкекте өзгөчө абал режими 19-октябрга чейин иштейт, кечки саат 22:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин шаар тургундарына сыртка чыкканга чек коюлат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.