Канат Исаев Жогорку Кеӊеш төрагасы болуп шайланды

Канат Исаев Жогорку Кеӊеш төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, 13-октябрда, «Ала-Арча»резиденциясына Жогорку Кеӊеш депутаттары чукул жыйынга чогулуп, эки маселени карашты. Жыйынга 61 депутат катышып, аны вице-спикер Аида Касымалиева алып барды. Алгач алар президент Сооронбай Жээнбековдун Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын колдоп, токтом кабыл алышты. Андан кийин спикерлик кызматка бекитүү маселесин карашты. Анда «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаевдин талапкерлиги сунушталып, бир добуштан колдоо тапты.

Эске сала кетсек, 9-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекке өзгөчө абал режимин киргизүү боюнча жарлыгын жарыялаган. Аны парламент бекитип бербегендиктен, президент 12-октябрда ушундай эле жарлыкка кайра кол койду. Мыйзамга ылайык, эгер парламент үч күн ичинде бекитип бербесе, бул жарлык да  мурункусундай күчүн жоготмок.

Жарлыкка ылайык, Бишкекте өзгөчө абал режими 19-октябрга чейин иштейт, кечки саат 22:00дөн таңкы саат 5:00гө чейин шаар тургундарына сыртка чыкканга чек коюлат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

5 thoughts on “Канат Исаев Жогорку Кеӊеш төрагасы болуп шайланды

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.