Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Биз укуктук талаага кайтмайынча президент кызматынан кетпеши керек!»

Каныбек ИМАНАЛИЕВ: «Биз укуктук талаага кайтмайынча президент кызматынан кетпеши керек!»

«Ата Мекен» фракциясынын депутаты Каныбек Иманалиев «Азаттыкка» депутаттар өлкөдөгү саясий кризисти талкуулаш үчүн жыйынга чогулууга кайрадан аракет кылып жатканын жана алар шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү көздөп жатканын билдирген. Ал үчүн атайын уюштуруу комитети түзүлүп, иштеп атканын жана кворум болуш үчүн депутаттар менен байланышып жатканын кошумчалаган. Бирок, жыйындын мөөнөтү белгисиз бойдон калууда…

Кворум, президент тууралуу…

Каныбек Иманалиев Жогорку Кеӊеш депутаттарынын 10-октябрдагы Садыр Жапаровду премьер-министр кызматына дайындаган кезексиз жыйынына катышкан эмес. Ал добуш бербегендердин тизмесинде  экенин «АКИпресске» билдирген. «Мен жыйынды видео аркылуу көрүп, катышкан депутаттардын санын эсептедим. Ал жерде депутаттардын саны элүүгө да жеткен жок, 41 гана депутат болду. Калдарбек Баймуратов менен Аида Касымалиева добуш берүүгө катышпаганын эске алганда, 39 гана депутат катышты. Андыктан кворум болгон жок. Кворум болгондо гана ишеним каттар эсептелинет. Буга юристтердин баасы керек. Биз укуктук талаага кайтмайынча президент кызматынан кетпеши керек!», — дейт Каныбек Иманалиев.

Эске сала кетсек, 10-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны болгон. Анда премьер-министрди дайындоо маселеси каралып, жыйынга катышкан депутаттар бир добуштан жалгыз талапкер Садыр Жапаровду  кызматка бекитип беришкен. Жыйынга катышып, каалоо-тилек айткан айрым депутаттардын добуш берүүгө катышпагандыгы маалым болду. Жыйынга ким катышкан, ким катышкан эмес, ишеним кат бергендери кимдер — ТИЗМЕни бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаӊыз болот.

Эркебаев 6-10-октябрдагы жыйындарды мыйзамсыз деп эсептейт

Жогорку Кеңеш депутаттарын кайрадан жыйынга чогулуп, мыйзамдуу чечим кабыл алууга чакыргандарын бири — экс-спикер Абдыганы Эркебаев. Анткени ал 6-октябрдагы жана 10-октябрдагы жыйындарды мыйзамсыз деп эсептейт. Ал 11-октябрда Кыргызстандагы акыркы коомдук-саясий кырдаалга байланыштуу билдирүү тараткан. Анын айтымында, эки жыйында теӊ Конституциянын 75, 77, 6-беренелери бузулган. Бул мыйзамдарга ылайык, жыйынга депутаттардын көпчүлүгү келбесе, төрага жашыруун добуш берүү аркылуу шайланууга тийиш.

«Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ, Кыргыз Республикасында түз таасири бар. Муну саясий процесстин бардык катышуучулары эске түйүп, кыңк этпестен аткарышы керек. Ошондуктан, юристтердин жана башка көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлердин пикирине тилектеш болуп, Жогорку Кеңешти кайрадан жыйынга чогулуп, тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн кворумду камсыз кылууга чакырам«, — дейт Абдыганы Эркебаев.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Жогорку Кеңеш депутаттарынын жарымы (62 депутат деп саны да айтылган)  чогулуп «Достук» мейманканасында жыйын өткөргөн. Анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы айтылган. Ал жыйындын аягында Мыктыбек Юсупович Садыр Нургожоевичти соттон акталып чыгышы менен куттуктаган. Ал 10-октябрдагы кезексиз жыйынга да катышып, спикерликтен кетип, жыйынды алып барууга вице-спикер Мирлан Бакировго өткөрүп берген. Отставкага эмнеге кеткени тууралуу бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаныз болот.

Аспековдун айтымында…

«Мекенчил» партиясынын мүчөсү Мелис Аспековдун айтымында, кворум болду. «Кворум болду деп Мыктыбек Абдылдаев өзү айтты. Ишеним кат менен кошо 63 киши болду», — дейт Аспеков.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы



			

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.