МИЛИЦИЯ: «Көчөдөн өспүрүм кызды сабаган адам агасы болуп чыкты. Тергөө иштери уланууда…»

МИЛИЦИЯ: «Көчөдөн өспүрүм кызды сабаган адам агасы болуп чыкты. Тергөө иштери уланууда…»

Бишкектеги “Дордой Моторс” базары жактан жаш кызды сабаган адам жабырлануучунун агасы болуп чыкты. Бул тууралуу Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Айтымында, интернетке тараган тасмадагы факт райондук ички иштер бөлүмүндө катталып, Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча сотко чейинки иш козголгон. Сабаган адам жана жабыркаган кыз табылып, райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилген. Сурак учурунда алардын өздүктөрү аныкталып, алар бир туугандар болуп чыккан. 1995-жылы туулган А.Ж. жабыркаган К.А. аттуу кыздын агасы экенин айтып, үй-бүлөлүк пикир келишпестиктерден улам аны уруп койгонун моюндап, буга чейин мындай болгон эмес деп актанган. Ал эми жабырлануучу К.А. өзүн жакшы эле сезип жатканын жана бир тууганына дооматы жоктугун айткан. Ошондон улам агасына болгон айыпты алып салгандыгын милиция кечээ, 12-октябрда билдирген. Бирок ага карабастан окуя боюнча тергөө иштери уланууда…

Эске сала кетсек, 11-октябрда “Дордой Моторс” базары жактан белгисиз адам жаш кызды сабап жаткан видеотасма тарап, милиция ага издөө жарыялаган эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.