Премьер-министрди бекитүү токтомуна президент кол койбогонунун себебин Аппарат түшүндүрүп берди

Премьер-министрди бекитүү токтомуна президент кол койбогонунун себебин Аппарат түшүндүрүп берди

Бүгүн, 13-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөт жана анын курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу токтомго кол койбой, аны кайра Жогорку Кеңешке кайтарды. Анын себебин Президенттин аппараты түшүндүрүп берди. Ал толугу менен төмөндө: 

КРнын Конституциясынын 84-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, Президент үч күндүк мөөнөт менен Премьер-министрди жана Өкмөттүн калган мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарат. Эгерде Президент аталган мөөнөттө Премьер-министрди жана Өкмөт мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө жарлык чыгарбаса, алар дайындалган болуп эсептелинет.

Мындай ченем «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 25-беренесинин 5-бөлүгүндө да каралган.

Ошону менен бирге белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин аталган чечимдери коомчулукта кеңири талкууланып, кабыл алынган чечимдердин легитимдүүлүгү шек жаратууда.

Конституциянын 77-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин жыйыны ага Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү катышкан шартта мыйзамдуу болот.

«Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» мыйзамдын 82-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын отурумдары кворум болсо, анда жыйын мыйзамдуу деп табылып, ал эми кабыл алынган чечимдер мыйзамдуу күчкө ээ болот. Жогорку Кеңештин, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарынын кворуму демек, бул Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын, комитеттердин, комиссиялардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн катышуусу дегенди билдирет.

«Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө» КР мыйзамынын 1-беренесине ылайык, жыйынга катышкан депутаттардын саны, жыйын залында отурган жана добуш берүү алдында катталган Жогорку Кеңештин депутаттарынын саны болуп эсептелет.

Мындан улам, кворумдун болушу 61 депутаттын физикалык түрдө катышуусун билдирет. Ишеним каттардын болушу добуш берүү укугун берет, бирок кворумду түзбөйт.

Берилген маалыматтарга ылайык, Жогорку Кеңештин 10-октябрындагы кезексиз жыйынында 51 депутаттын катышканы жана андан тышкары башка депутаттардан 10 ишеним кат бар экендиги расмий жарыяланган. Мындан улам кворум камсыз кылынган жок, кворумсуз кабыл алынган чечимдер мыйзамсыз жана юридикалык күчкө ээ эмес деп эсептелинет. Буга байланыштуу Президентинин Аппараты келип түшкөн тиешелүү документтерди парламентке кайтарды.

Садыр Жапаров менен жолугушуу…

Ушул эле күнү президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаров менен жоугуп, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашкан.

Президент өлкө Өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын айтып, аны кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын билдирген. «Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», — деген эле президент.

Ал эми кечээ…

Вице-спикер Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго кечээ, 12-октябрда кол коюп, президентке жөнөткөн.

Белгилей кетсек, депутаттардын жарымы премьер-министр Садыр Жапаровду кызматка дайындаган эки жолку жыйынды «регламентти одоно бузуу менен өттү, легитимсиз» деп эсептешүүдө. Ал эми Жапаровдун тарапташтары бу жыйынды мыйзамдуу деп эсептеп, президент Сооронбай Жээнбековду кызматын мөөнөтүнөн мурда өткөрүп берүүсүн талап кылышууда.

Айтор, премьер-министрибиз азыр бармын-жокмун деген эле абалда турат… А президентчи…?

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Премьер-министрди бекитүү токтомуна президент кол койбогонунун себебин Аппарат түшүндүрүп берди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.