Темирлан Султанбеков кармоо учурунда сабалып, кыйноого кабылганын айтты

Темирлан Султанбеков кармоо учурунда сабалып, кыйноого кабылганын айтты

Социал-демократтар партиясынын 22 жаштагы мүчөсү Темирлан Султанбеков кармоо учурунда сабалып, кыйноого кабылган. Бул тууралуу Кыйноого каршы улуттук борбордун сайтына жарыяланды.
Алардын айтымында, Т.Султанбеков кыйноого кабылганын аталган борбордун мүчөлөрү менен жолугушууда айтып берген. Кой-Ташта кармоо учурунда, аларга каршылык көрсөтпөгөнүнө карабай, милициялар тээп жиберген. Бишкек ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизип жатканда да кыйноого туш болорун айтып коркутушкан.

Куловдун айтымында…

Экс-депутат Феликс Куловдун айтымында, Темирлан Султанбеков жакында убактылуу абак жайынан бошотулат. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына ишенимдүү булактардан алынган маалыматтарга таянып жазды.

Жээнчороев Султанбеков боюнча сунуш киргизди…

Депутат Мирлан Жээнчороев парламенттин бүгүнкү кезексиз жыйынында Темирлан Султанбеков менен ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун мыйзамсыз камалганын, аларды боштондукка чыгаруу сунушун айтты.

Буга чейин ырчы Сыймык Бейшекеев жана башка бир топ адамдар Темирлан Султанбековдун жаштыгын, акылдуулугун баса белгилеп, туура эмес камалганы боюнча пикирлерин «Фейсбукка» жазышкан.

Белгилей кетсек, Темирлан Султанбеков 10-октябрда Кой-Таштан кармалган. Ал 11-октябрдан тартып ачкачылык жарыялаганын 12-октябрда Биринчи май райондук сотуна баш коргоо чарасын кароо отурумуна алынып келгенде журналисттерге билдирген. Сот 2 айга камоо чечимин чыгарып, Темирлан Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилип камалган. Ага чейин ал «Социал-демократтар» партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого катышкан эле…

Эске салсак, Темирлан Султанбеков парламенттеги шайлоого чейинки үгүт иштери алкагында болгон дебаттарда өзүн эски саясатчылардан бир кыйла салмактуу көрсөтө алган эле. ЭлТРдеги дебатта жүйөлүү жооптору, безге сайгандай суроолору менен Адахан Мадумаров сындуу карт, Жанар Акаевдей жаш саясатчылардын шаштысын алганы эсибизде.

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Темирлан Султанбеков кармоо учурунда сабалып, кыйноого кабылганын айтты

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.