УКМК: «Дүйшөнбек Зилалиев абакка кайтарылды»

УКМК: «Дүйшөнбек Зилалиев абакка кайтарылды»

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев абакка кайтарылды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди. Алардын айтымында, 6-октябрга караган түнү жаза өтөө жайынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен Дүйшөнбек Зилалиев кечээ, 12-октябрда кайрадан УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Азыр мыйзамсыз бошотулган башка адамдар да изделүүдө…

Эске салсак, 2018-жылы 9-декабрда Д. Зилалиев эки айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Ага Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси (“Мыйзамсыз баюу”) боюнча иш козгогон. Анын банктагы жеке эсебинен 889 миң 900 доллар табылып, үй-жайы тинтүүгө алынганын УКМК билдирип чыккан. Ошондой эле Латвиянын укук коргоо органдары тарабынан Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайына жана балдарына карата акча изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголгону айтылып, бул тууралуу Зилалиевдин жубайы Зульфия Зилалиева жооп кайтарган эле. Аны бу жердеги ШИЛТЕМЕден окусаңыз болот.

Кыскасы, ошол жылы Биринчи май райондук соту Дүйшөнбек Зилалиевди күнөөлүү деп таап,  үч жылга шарттуу кескен чечим чыгарган. Эсиӊиздерде болсо, Зилалиевге Жазык кодексинин «Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу» беренесинин негизинде да иш козголгон. Ал болсо ага коюлган айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын гана айтып келет.

Анткен менен, Зилалиевдин кантип байыганын бу жердеги ШИЛТЕМЕден көрүңүз!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.