ВИДЕО — Адахан МАДУМАРОВ: «Азыркы абалды президент гана жөнгө сала алат, себеби…»

ВИДЕО — Адахан МАДУМАРОВ: «Азыркы абалды президент гана жөнгө сала алат, себеби…»

«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаров кечээ, 12-октябрда «Азаттыкка» берген маегинде, эгер президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетсе, анда өлкөдө легитимдүү бийлик болбой калаарын жана азыркы абалды президент гана жөнгө сала алаарын билдирген. 

«Президент үч күндүн ичинде кызматтан кетиши керек» деген сөздөр чыгып кетти. Саясатчылардын ичинен жападан-жалгыз президентти тааныбаган бул —  Мадумаров. Мен президентти коргогум келген жок. Кандайдыр бир талабын талашып жаткан жерим жок. Мага төӊкөрүш, оодарыш, ызы-чуу керек эмес, мага өлкө, эл керек! Бирок, бүгүнкү кырдаалды ал кишиден башка эч ким жөнгө сала албайт«, — дейт А.Мадумаров. Ошондой эле ал учурда талаш жараткан премьер-министр кызматына дайындоо боюнча да оюн билдирген. Аны төмөндөгү «Азаттыктын» ВИДЕОсунун көрсөӊүз болот.

https://www.azattyk.org/a/kyrgyzstan-bishkek-madumarov-about-the-political-situation-in-the-country/30890112.html

 

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.