Жээнбеков менен Жапаров жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?

Жээнбеков менен Жапаров жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаровду кабыл алды. Мындай маалымат президенттин сайтына жарыяланды. Маалыматта экөө өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашканы айтылат.

Ошондой эле президент өлкө Өкмөтүнүн түзүмү менен курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу Жогорку Кеңештин токтому боюнча өз позициясын айтып, аны кайрадан Жогорку Кеңешке кайтарарын билдирген. «Өлкөдөгү туруктуулукту сактоо жана бекемдөө үчүн биздин чечимдерибиздин баары легитимдүү болушу керек жана алар күмөн жаратпашы зарыл», — деди президент С.Жээнбеков.

Буга чейин бүгүн, 13-октябрда, Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитүү боюнча ЖК токтому президенттин аппаратына келгендигин президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирген.

Эске сала кетсек, 10-октябрдагы ЖКнын кезексиз жыйынында вице-спикер, учурда спикердин милдетин аткаруучу депутат Мирлан Бакиров өкмөттүн жаңы курамын жана программасын бекиткен токтомго кечээ, 12-октябрда кол койгон эле. Депутаттардын жарымы бул жыйын регламентти одоно бузуу менен өттү, демек, легитимсиз деп эсептешүүдө. Ал эми С.Жапаровдун тарапташтары бу жыйынды мыйзамдуу деп эсептешип, президентти кызматын өткөрүп берүүгө чакырышууда…

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында иштеп жатканы кабарланган.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Жээнбеков менен Жапаров жолукту. Алар эмнени сүйлөштү?

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.