Артка кайтарылган премьерди бекитүү токтомун кароого депутаттар чогулушту

Артка кайтарылган премьерди бекитүү токтомун кароого депутаттар чогулушту

Бүгүн, 14-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына ЖК депутаттары кезексиз жыйын өткөрүүгө чогулушту. Жыйында Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо жана өкмөт курамын бекитүү маселеси каралат. Бул маселени кароо үчүн алгач алар кечээ мыйзамдуу спикер кылып Канат Исаевди шайлашкан. 61 депутат келип, ишеним кат берген депутаттар эсеби менен 78 депутат колдоп, экөө каршы болгон.

Эске салсак, кечээ президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрди шайлаган жыйын «легитимсиз болгонун» айтып, токтомду артка кайтарган. Ал токтомго вице-спикер Мирлан Бакиров кол коюп, президентке жөнөткөн эле. Ал тууралуу журналисттер Бакировдон сурашканда, «мен «кворум бар» делгенден кийинки гана милдетимди аткардым»деп жооп берген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.