«АТА МЕКЕН»: «Стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак үчүн Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдодук»

«АТА МЕКЕН»: «Стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак үчүн Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдодук»

«Ата Мекен» партиясынын чечимин бүгүн, 14-октябрда, Динар Турдугулова «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Анда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент Сооронбай Жээнбеков, Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев менен 12-13-октябрда жолугуп, өлкөдөгү кырдаал жөнүндө сүйлөшүп, «Кырдаал татаал. Тез арада бир пикирге келбесек, өлкөнүн экономикасына, адамдардын коопсуздугуна чоң залака тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, тез арада легитимдүү, мыйзамдуу Өкмөт түзүү зарыл» деген пикирге келишкен.

Ошондой эле «Ата Мекен» партиясынын ички кеӊешип-сүйлөшүүлөрүнөн кийин фракция депутаттары да: «Стабилдүүлүк, тынчтык, ынтымак, элдин бакубат турмушу үчүн премьер-министрликке Садыр Жапаровду колдоп беребиз» деген чечимге келишкен.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда, 90 депутаттын колдоосу менен Садыр Жапаров мыйзамдуу түрдө премьер-министр болуп дайындалды. Тагырагы, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына VI чакырылыштагы ЖКнын 120 депутатынын 83ү (8 депутаттын добушу ишеним каттар менен келди) бир добуштан колдоп шайлап беришти.

Ошентип 34-премьерлүү болдук. Мамлекетибизди укук талаасына алып келген жакшылыктуу бурулуш болсун деп тилек кылалы!

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.