Мирлан Жээнчороев «Республика» партиясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогонунун себебин айтты…

Мирлан Жээнчороев «Республика» партиясы Садыр Жапаровдун талапкерлигин колдогонунун себебин айтты…

Бүгүн, 14-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына ЖК депутаттары кезексиз жыйын өткөрүүгө чогулуп, күн тартибиндеги премьер-министрди дайындоо жана өкмөт курамын курамын бекитүү маселесин карашууда. Спикер Канат Исаевдин айтымында, жыйынга 83 депутат катышып жатат, андан тышкары, 8 депутаттын ишеним каты келген. Демек, кворум бар.

Жыйынга Садыр Жапаров жаӊы дайындала турган өкмөт курамы менен келип, фамилияларын окуп тааныштырып, анан депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Мирлан Жээнчороев: «Бүгүнкү күндө башкы маселе – саясий кырдаалдан чыгуу, экономикалык кризистен чыгуу, ошондой эле пандемия менен күрөшүү. Биз муну башкы максат кылып коюп, бир талапкерге токтолдук. Биз Садыр Жапаровду колдойбуз. “Республика” партиясы буга чейин парламент толук кворумга ээ болуп, мыйзамдуу өкмөт бекитилиши керек деп айткан. Бүгүн кворум бар, ошондуктан өкмөттүн ушул курамы эми каралып, ал жерде кимдер болот жана кандай болот, эми Садыр Жапаров толугу менен айтып берет. Бирок биздин позициябыз — бүгүнкү күндө ар бир адам өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн жеке амбициясынан баш тартуусу керек. Экономикалык кризисти тез арада чечүү үчүн жана коронавирустун экинчи толкунунун алдында өкмөт иштей башташы керек», – деди. Ошондой эле анын: «Саясатчыларга саясий куугунтук болбойбу?» деген суроосуна С.Жапаров: «Саясий куугунтук болбойт. Анткени мен аны керт башымдан өткөрдүм», — деп жооп берди.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков ЖКнын Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо жана өкмөт курамын бекитүү токтомун кайра карап чыгууга артка кайтарган.

Эске сала кетсек, 10-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны болгон. Анда премьер-министрди дайындоо маселеси каралып, жыйынга катышкан депутаттар бир добуштан жалгыз талапкер Садыр Жапаровду  кызматка бекитип беришкен. Ага чейин 6-октябрда «Достук» мейманканасында ушул эле көрүнүш болгон. Бүгүн бардык тараптар бир консенсуска келип, укуктук талаага кайтып, ынтымак менен шайлап берээрин айтып жатышат.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.