Назгүл МАМЫТОВА: «Сапар Исаковдун дайыны билинбей жатат. ОПГ колуна түшүп калган жокпу?..»

Назгүл МАМЫТОВА: «Сапар Исаковдун дайыны билинбей жатат. ОПГ колуна түшүп калган жокпу?..»

Экс-премьер-министр Сапар Исаковдун дайыны билинбей жатат. Бул тууралуу журналист Назгүл Мамытова «Фейсбуктагы» баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, Сапар Исаковдун дайынсыз болуп жатканына  партиялаштары, туугандары кабатыр болушууда. «Качып кетти деген жалган маалымат! Жанында эч кандай документи жок кайда кетмек эле?! Биздин кабатырланганыбыз, Сапар Исаков ОПГнын колуна түшүп калган жокпу деген шектенүүлөр болуп жатат. Анткени, азыркы кырдаалды эске алганда, кылмыш дүйнөсү уурдап кетиши толук мүмкүн…», — дейт Н.Мамытова.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон 12 партиянын лидерлери, тарапташтары 5-октябрда Ала-Тоо аянтына чыгып, митинг уюштурушкан. Митингчилер абактагы бир топ саясатчыларды бошотуп жиберишкен. Алардын арасында Сапар Исаков да болгон. Абал турукташкандан кийин бир топ саясатчылар кайра камакка алынган, бир гана Айбек Калиев өз ыктыяры менен барып, абакка отурганын УКМК билдирген. Алар Албек Ибраимов менен Сапар Исаков гана кармала электигин кабарлаган эле.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.