Президент премьер-министр менен спикерди кабыл алып, диалогго ар дайым даяр экенин билдирди

Президент премьер-министр менен спикерди кабыл алып, диалогго ар дайым даяр экенин билдирди

Бүгүн, 14-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков спикер Канатбек Исаев жана премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Алардын айтымында, президент аларды кызматка дайындалышы менен куттуктап, иштерине ийгилик каалап, жаратман ишмердүүлүктөрү коомчулукка жана өлкөгө пайда алып келерине бекем ишеним артаарын билдирген. Жана өлкөнүн туруктуулугу, аны өнүктүрүү үчүн тараптар менен диалогго ар дайым даяр экенин баса белгилеген. 

Ошондой эле президент бүгүнкү күндө өлкөдө коронавирус тумоосунун экинчи толкунуна, күз-кыш жылуулук мезгилдерине даярдык маселелери курч тургандыгын баса белгилеп, кыска мөөнөттөгү пландардан сырткары ичинде өлкөнү өнүктүрүү боюнча экономиканы калыбына келтирүү, инвестиция тартуу, мамлекеттин социалдык милдеттери жана башкалар камтылган  узак мөөнөттөгү программаларды да иштеп чыгуу зарылдыгына токтолгон.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-октябрда ЖК депутаттары чукул жыйынга чогулуп, Канат Исаевди спикер кылып шайлашкан. Бүгүн, 14-октябрда Садыр Жапаровду шайлап беришти. 34-премьер-министр Садыр Жапаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ал бүгүн президент Сооронбай Жээнбековго жолугаарын,  анын кызматын тапшыруусун айтаарын, бул маселе бүгүн чечилээрин билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

One thought on “Президент премьер-министр менен спикерди кабыл алып, диалогго ар дайым даяр экенин билдирди

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.