Президент токтомго кол койду. Өкмөттө ким кайсы кызматка келди? (Тизме)

Президент токтомго кол койду. Өкмөттө ким кайсы кызматка келди? (Тизме)

Бүгүн, 14-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт башчысын жана өкмөт мүчөлөрүн дайындоо тууралуу жарлыкка кол койду. Ал президенттин сайтына жарыяланды. Кимдер кайсы кызматка келгени төмөндө:

— Жапаров Садыр Нургожоевич Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына;

— Новиков Артем Эдуардович Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри кызматына;

— Мамытканов Максат Сүйүналиевич Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Исмаилова Аида Жекшенбаевна Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Сабиров Равшанбек Азатович Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри кызматына;

— Аманбаев Бактыбек Абдилашимович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси — министри кызматына;

— Казакбаев Руслан Айтбаевич Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри кызматына;

— Ниязбеков Улан Омоканович Кыргыз Республикасынын ички иштер министри кызматына;

— Жаманкулов Марат Тургунбаевич Кыргыз Республикасынын юстиция министри кызматына;

— Мукашев Кыялбек Белекович Кыргыз Республикасынын каржы министри кызматына;

— Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын Экономика министри кызматына;

— Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри кызматына;

— Бердалиев Бакыт Чырмашбаевич Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министри кызматына;

— Ажикеев Бообек Эргешович Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри кызматына;

— Бейшеналиев Алмазбек Бейшеналиевич Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри кызматына;

— Бейшеналиев Алымкадыр Савирдинович Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри кызматына;

— Кадырбеков Нуржигит Кадырбекович Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри кызматына;

— Кочкоров Улукбек Тойчубаевич Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына;

— Сагынбаев Жыргалбек Калмуратович Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына;

— Исмаилов Алтынбек Жапарович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматына дайындалышты.

Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда ЖК депутаттары чукул жыйынга чогулуп, Садыр Жапаровду өкмөт башчылыгына бир добуштан шайлап, өкмөттүн сунушталган курамын жана түзүмүн жактырды. Жапаровго  сөз берилгенде, ал өкмөт курамында 15-20% өзгөрүү болорун билдирген.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин Кыргызстанда саясий кризис башталган. Буга чейин парламенттин бир катар депутаттары Садыр Жапаровду эки жолу (6-10-октябрда) шайлап беришкен. Ал чечимдерде мыйзам бузуу бар болгондуктан, президент алар боюнча токтомду кайра артка жөнөткөн. Ошондуктан бул маселени бүгүн депутаттар кайра карап, чекит коюшту.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

One thought on “Президент токтомго кол койду. Өкмөттө ким кайсы кызматка келди? (Тизме)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.