Садыр Жапаров — 34-премьер-министр. Бул кызматта 2-5 күн отургандар ким эле? (Тизме)

Садыр Жапаров — 34-премьер-министр. Бул кызматта 2-5 күн отургандар ким эле? (Тизме)

Мамлекетибиз эгемен болгондон бери 30дан ашык Өкмөт башчылуу болуппуз. Өзгөчө мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин бийлигинде бир жылда эле аябай кадр алмашуу болуптур. Алардын ичинде 2 күн, 5 күн премьер болуп кеткендер да бар. Аларды төмөнкү тизмеден караңыз. 

  1. Жумагулов Апас Жумагулович (1991-ж.ж.);
  2. Исанов Насирдин (1991-ж. 21- январдан 29-ноябрга чейин);
  3. Иордан Андрей (1991-1992 –ж.ж. премьер-министр милдетин аткарган);
  4. Чынгышев Турсунбек (1992 -1993-ж.ж.);
  5. Матубраимов Алманбет (1993 –ж. премьер-министр милдетин аткарган);
  6. Жумагулов Апас (1993 –1998-ж.ж.);
  7. Жумалиев Кубанычбек (1998-ж. 14-марттан 23-декабрга чейин);
  8. Силаев Борис (1998-ж. 23-25-декабрга чейин премьер-министр милдетин аткарган);
  9. Ибраимов Жумабек (1998-1999-ж.ж.)
  10. Силаев Борис (1999-жыл);
  11. Муралиев Амангелди (1999-жылдын 12-21-апрелге чейин премьер-министрдин милдетин аткарган)
  12. Курманбек Бакиев (1999- 2000-ж.ж.);
  13. Танаев Николай (2000-2002-ж.ж.);
  14. Бакиев Курманбек (2002-2005-ж.ж.);
  15. Кулов Феликс (2005-2006-ж.ж.);
  16. Исабеков Азим (2006-2007-ж.ж.;)
  17. Атамбаев Алмазбек (2007-ж. 29-мартка чейин);
  18. Айдаралиев Искендербек (2007-жылы 29-ноябрдан 24-декабрга чейин);
  19. Чудинов Игорь (2007-2009-ж.ж.);
  20. Үсөнов Данияр (2009-2010-ж.ж.);
  21. Отунбаева Роза (2010-жылдын 7-апрелинен 17-декабрга чейин Убактылуу Өкмөт төрайымы);
  22. Алмазбек Атамбаев (2010-2011-ж.ж.);
  23. Бабанов Өмүрбек (2011-ж. 4-сентябрынан 14-ноябрга чейин премьер-министр милдетин аткарган);
  24. Бабанов Өмүрбек (2011-2012-ж.ж.);
  25. Карашев Аалы (2012-ж. 1-сентябрынан 5-сентябрына чейин премьер-министр милдетин аткарган);
  26. Сатыбалдиев Жантөрө (2012-2014-ж.ж.);
  27. Оторбаев Жоомарт(2014-2015-ж.ж.);
  28. Сариев Темир (2015-2016-ж.ж.);
  29. Жээнбеков Сооронбай (2016-ж. 13-апрелинен 2017-ж. 22-августуна чейин);
  30. Мухаммедкалый Абылгазиев (2017-ж. 22-августунан 25-августка чейин премьер-министр милдетин аткарган);
  31. Сапар Исаков (2017-2018-ж.ж.);
  32. Мухаммедкалый Абылгазиев (2018 — 2020-ж.ж.);
  33. Кубатбек Боронов (2020-жылдын 16-июнунан 6-октябрына чейин);
  34. Садыр Жапаров (2020-жыл, 10-октябрь…)

Эске сала кетсек, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына 12 партия лидерлери, шайлоочулар нааразы болуп Ала-Тоо аянтында митинг өткөрүшкөн. Аягында митингчилерди күч менен таратуу аракетинде милиция менен элдин кагылышуусу болуп, кулак тундуруучу жардыргычтан бир топ адам жабыркап, 19 жаштагы Алтынбек уулу Үмүтбек каза болуп, Ак үй, УКМК алынып, абактагы бир катар белгилүү адамдар бошотулган. Алардын ичинде Садыр Жапаров да болгон. 6-октябрда Жогорку Кеңештин жарымы (62 депутат деп саны да айтылган) чогулуп жыйын өткөрүп, анда спикерликке Мыктыбек Абдылдаевдин, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун талапкерлиги сунушталып, колдоо тапкан. Ага катар ал жыйында премьер-министр Кубатбек Бороновдун кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы жана Садыр Жапаровдун соттон акталганы айтылган. Бирок, премьер-министрликке Садыр Жапаровдун дайындалышы 10-октябрда кайра каралып, токтом чыгып, ал президентке жөнөтүлгөн болчу. Президент «кворум жок болгондуктан, ал легитимсиз» деп кайра карап чыгууга токтомду артка кайтарган.

Ал эми бүгүн, 14-октябрда, 90 депутаттын колдоосу менен Садыр Жапаров мыйзамдуу түрдө премьер-министр болуп дайындалды. Тагырагы, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына VI чакырылыштагы ЖКнын 120 депутатынын 83ү (8 депутаттын добушу ишеним каттар менен келди) бир добуштан колдоп шайлап беришти.

Ошентип, жаны 34-премьерлүү болдук. Мындай болот деп кимдир бирөө күтүп, дагы бир канчасы күтпөсө да, бөтөнчө шарттагы тарыхый бурулуш болду…

Мамлекетибизди укук талаасына алып келген жакшылыктуу бурулуш болсун деп үмүт этебиз…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

9 thoughts on “Садыр Жапаров — 34-премьер-министр. Бул кызматта 2-5 күн отургандар ким эле? (Тизме)

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.