Садыр ЖАПАРОВ, премьер-министр: «Криминал толугу менен жок болот, биз аны менен күрөшөбүз!»

Садыр ЖАПАРОВ, премьер-министр: «Криминал толугу менен жок болот, биз аны менен күрөшөбүз!»

Бүгүн, 14-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясына ЖК депутаттары кезексиз жыйын өткөрүүгө чогулуп, күн тартибиндеги премьер-министрди дайындоо жана өкмөт курамын курамын бекитүү маселесин карашууда. Спикер Канат Исаевдин айтымында, жыйынга 83 депутат катышып жатат, андан тышкары, 8 депутаттын ишеним каты келген. Демек, кворум бар.

Жыйынга Садыр Жапаров жаӊы дайындала турган өкмөт курамы менен келип, ким кайсы кызматка сунушталып жатканын фамилияларын окуп тааныштырып, анан депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Депутат Дастан Бекешов: «Садыр Нургожоевич, криминал менен күрөшөсүзбү?, – деп суроо узатканда, ал: «Криминал толугу менен жок болот, биз аны менен күрөшөбүз. Ага сиздер да жардам бериниздер!»,- деди.

Белгилей кетсек, кечээ, 13-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков ЖКнын Садыр Жапаровду премьер-министрликке дайындоо жана өкмөт курамын бекитүү токтомун кайра карап чыгууга артка кайтарган.

Эске сала кетсек, 10-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖК депутаттарынын кезексиз жыйыны болгон. Анда премьер-министрди дайындоо маселеси каралып, жыйынга катышкан депутаттар бир добуштан жалгыз талапкер Садыр Жапаровду  кызматка бекитип беришкен. Ага чейин 6-октябрда «Достук» мейманканасында ушул эле көрүнүш болгон. Бүгүн бардык тараптар бир консенсуска келип, укуктук талаага кайтып, ынтымак менен шайлап беришти.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

 

 

 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.