Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Кыргызстан – укуктук өлкө, маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет»

Сооронбай ЖЭЭНБЕКОВ: «Кыргызстан – укуктук өлкө, маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет»

Бүгүн, 14-октябрда, президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр кызмат ордуна дайындоонун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

«Урматтуу мекендештерим!

Кечээ Жогорку Кенештин төрагасы шайланды. Эми парламентибиз толук кандуу иштей алат.

Садыр Жапаровду премьер-министрликке мыйзамдын бардык нормаларын сактоо менен, кайра кароо сунушун парламентке жөнөттүм. Буга чейинки Жогорку Кеңештин токтому мыйзамдын талаптары сакталбай кабыл алынып калган. Ошондуктан, бул токтомдор парламентке кайтарылды.

Урматтуу мекендештерим!

Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды. Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок.

Бардык бийлик бутактарынын бир ыргакта, чогуу иштөөсүн баштайлы. Ошондуктан, парламентибиз маселени ыкчам карап, бул процесске мыйзам чегинде чекит коет деп ишенем.

Урматтуу мекендештерим!

Кыргызстан – укуктук өлкө. Маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилет. Баарыңыздарды мыйзамды сактоого чакырам. Кыйынчылыктарды акыл менен жеңип, бир эл, бир журт катары абийирибизди сактап калалы».

Эске сала кетсек, кечээ, 13-октябрда президент Садыр Жапаров менен жолугуп, өлкөдөгү азыркы коомдук-саясий кырдаалды талкуулашкан. Ошондой эле президент Жогорку Кеңештин Өкмөт түзүмү жана курамын аныктоо, программасын бекитүү тууралуу токтому боюнча өз позициясын айтып, аны кайра Жогорку Кеңешке кайтарарын билдирген. Артка кайтарып берилгендигинин себебин Аппарат түшүндүрүп берген эле.

Ушул эле күнү «Ала-Арча»резиденциясына Жогорку Кеӊештин депутаттары чукул жыйынга чогулуп, «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Канат Исаевди спикер кылып шайлашкан.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы 

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.