ВИДЕО — Абдылдаев премьердин да, спикердин да маселесин Башкы прокуратура карашы керектигин айтты

ВИДЕО — Абдылдаев премьердин да, спикердин да маселесин Башкы прокуратура карашы керектигин айтты

Депутат Мыктыбек Абдылдаев 14-октябрдагы ЖКнын чукул жыйынында спикер Канатбек Исаевге жана премьерликке талапкер болгон Садыр Жапаровго байланыштуу парадокс пайда болгонун баса белгиледи.

«Коомчулукта «Канатбек Кедейканович мурунку биринчи эпизоду боюнча акталды беле же мөөнөтү өтүп кеткени үчүнбү?» деген сөз болушу мүмкүн. «Мөөнөтү өтүп кетүү» дегени колдонулган. Бул реабилитация эмес. Бул «күнөө бар, бирок, мейли, кете бер» дегени. Төрага тергөө алдында деген маселе бар. Мен билгенден «бул киши каякта экени белгисиз» деп кылмыш иши токтоп калса керек эле. А бул жерде төрага болуп шайланып олтурат. Ошондуктан башкы прокурор бул абдан терең маселени көтөрүп, карашы керек. Төрага кынтыксыз болушу зарыл. Садыр Нургожоевич, сиздики дагы», — деди Мыктыбек Юсупович.

Экөө теӊ бул суроого жооп беришти. Аны төмөндөгү ВИДЕОдон көрүӊүз:

Эске сала кетсек, 2017-жылы «Коррупция», «Кылмышка даярдануу» «Калайман башаламандык», «Бийликти күч менен басып алуу же кармап туруу» деген беренелердин негизинде Канат Исаевге иш козголуп, соттолгон. 2018-жылдын 18-июлунда иши Бишкек шаардык сотунда каралып, үй камагына чыгарылган.

Ал эми Садыр Жапаровго 2013-жылы «Караколдо митинг уюштуруп, облус жетекчисин барымтага алган» деген негизде иш козголуп, 2018-жылы 11,5 жылга кесилип, 2019-жылы ал жаза 10 жылдык жазага алмаштырылган. Аны 6-октябрда митингчилер абактан чыгарып алышкан. Жогорку сот ал акталбагандыгын, иши кайра тергөөгө жөнөтүлгөнүн билдирген. 14-октябрда болсо, Садыр Нургожоевич парламентте Кыргызстандын өкмөт башчысы болуп шайланды.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.