Абактагы Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды

Абактагы Тилек Матраимов үй камагына чыгарылды

Бул тууралуу «Спутник» жазып чыкты. Аларга Ош облустук сотунун маалымат кызматы билдирген.

Аталган соттун маалымат кызматынын айтымында, Тилек Матраимов облустук сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылган. Анын арызы 13-октябрда каралып, баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган.

Эске сала кетсек, 6-октябрда Тилек Матраимов жана анын туугандары кыргыз-өзбек чек арасынан  кармалган. Өзбек тарап аны Кыргызстанга 9-октябрда  өткөрүп берген. Ал чек арадан мыйзамсыз өтүү беренеси менен айыпталып, Ош шаардык сотунда баш коргоо чарасы каралып, бир айга УКМК тергөө абагына камалган болчу.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.