Башкы прокуратура: «Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш иши козголгон эмес»

Башкы прокуратура: «Шыкмаматов менен Жапыкеевге кылмыш иши козголгон эмес»

«Бир бол» партиясынан Жогорку Кеӊештин депутаттыгына талапкер болгон мурдагы депутат Алмамбет Шыкмаматов “Марал” радиосундагы түз эфир учурунда Жапыкеев экөөнө кылмыш иши козголгонун билдирген.

Анын айтымында, ага жана «Чоӊ казат» партиясынын лидерлеринин бири Сыймык Жапыкеевге Аскердик прокуратура тарабынан кылмыш иши козголгон.

Мага жана Сыймык Жапыкеевге Аскер прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Демек, бул буйруктун артында президент турат. Ушинтип отуруп президенттин түбүнө тегерегиндегилер жетип келген. 6-октябрдагы окуяны булар элдин шайлоого болгон нааразычылыгы эмес, «басып алуу» деп эсептеп, дагы эле өздөрүнүн күнөөлөрүн сезе элек экен. Ал окуяларга шайлоо маалында мыйзамдуулукту сактабагандыгы үчүн түздөн-түз прокуратура күнөөлүү”, — деген Алмамбет Шыкмаматов.

Башкы прокуратура эмне дейт?

Мындай маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы четке какты. Алардын тастыктоосу боюнча Башкы прокуратура да, Аскер прокуратурасы да Шыкмаматов менен Жапыкеевге иш козгогон эмес.

Эске сала кетсек, 4-октябрдагы парламенттик шайлоо жыйынтыгына нааразы болгондор 5-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтына чогулушкан. Аларга шайлоодо өтпөй калган 12 партиянын лидерлери жана тарапташтары келип кошулган. Митингди Сыймык Жапыкеев алып барганы эсибизде. Анткен менен башында бийликке дооматтар коюлуп, мөөнөтсүз нааразылык митинги тууралуу айтылган менен, аягы милиция менен митингчилердин кагылышуусу, Ак үй, УКМКны басып алуу менен аяктаган. Митингчилер бир топ саясатчыларды бошотуп жиберишкен эле. Алардын арасында Садыр Жапаров да бар болчу. Ал кечээ, 14-октябрда, премьер-министр болуп шайланды…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.