БШК: «Парламенттик шайлоо болгончо чейин учурдагы парламент легитимдүү»

БШК: «Парламенттик шайлоо болгончо чейин учурдагы парламент легитимдүү»

Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда, БШК төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов «Азаттыкка» билдирген. Айтымында, мыйзам боюнча азыркы парламент легитимдүү бойдон кала берет. Анын себебин ал мындайча түшүндүрүп берген: «Конституциясынын 71-беренесинин 3-бөлүгүндө: «Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып мурдагы чакырылыштагы парламенттин ыйгарым укуктары токтотулат» деп жазылып турат».

БШК шайлоо боюнча чечимди бир ай ичинде чыгарып, датасын белгилеши керек. Кайра шайлоо эки ай ичинде өтүүгө тийиш. Бирок, БШК качан, кандай чечим кабыл алары азырынча белгисиз.

Белгилей кетсек, кечээ, 14-октябрда экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов парламенттин мөөнөтү бүгүн, 15-октябрда аяктаарын журналисттерге билдирген. Ошондон бери «учурдагы парламент легитимсиз болуп калат» деген да пикирлер айтылып, айрым саясатчылардын тарапташтары дүрбөлөңгө түшүүдө…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.