Үй камагына чыккан Темирлан Султанбеков премьер менен жолукту. Экөө эмнени сүйлөштү?

Үй камагына чыккан Темирлан Султанбеков премьер менен жолукту. Экөө эмнени сүйлөштү?

Социал-демократтар партиясынын 22 жаштагы  мүчөсү Темирлан Султанбеков премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда, СДПнын катчылыгы билдирди.

Айтымында, жолугушуу премьер-министрдин демилгеси менен өткөн. Темирлан Садыр Жапаровго ага элдин чоң үмүтү артылып жаткандыгын, ката кетирүүгө укугу жоктугун баса белгилеп, “Эгерде Садыр Жапаров кризистик менеджер милдетин өзүнө алып Жээнбековдорду кууп чыгууга даяр болсо, ага бул жагынан колдоо керек” деген. А премьер болсо, баарын башынан баштоого даяр экендигин билдирген.

Эске сала кетсек, Темирлан Султанбеков 9-октябрда Бишкектеги Ала-Тоо аянтында өткөн митингдин негизинде 10-октябрда Кой-Таштан кармалып, камалган. Анын баш коргоо чарасы 12-октябрда Биринчи май райондук сотунда каралып, эки айга камоо чечими чыгып, Бишкектеги №1 тергөө абагына жеткирилген. Ага Кыйноого каршы улуттук борбордун мүчөлөрү барып жолукканда, ал Кой-Таштагы кармоо учурунда сабалганын, кыйноого кабылганын айтып берген.

Кечээ, 14-октябрда депутат Жанар Акаев ЖК жыйынында, премьерди шайлоо алдында Садыр Жапаровго Темирлан Султанбеков менен Курсан Асановдун камалышы туура эмес болуп калганын, алардын бошотулушу керектиги тууралуу айткан. Ушул эле күнү кечке маал адвокат Чынара Жакупбекова Т.Султанбековду Бишкек шаардык соту үй камагына чыгарганын журналисттерге билдирген.

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.