Канат ИСАЕВ: «Президент азыр кызматтан кетпеши керек, себеби…»

Канат ИСАЕВ: «Президент азыр кызматтан кетпеши керек, себеби…»

Мындай пикирин спикер Канат Исаев бүгүн, 15-октябрда,  “24.kg” маалымат агенттигине билдирди.

Анын пикиринде, өлкөдөгү кырдаал азыр өтө кооптуу болуп турганда президент Сооронбай Жээнбеков кызматынан кетпеши керек. «6-чакырылыштын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктап, Садыр Жапаров башында турган өкмөт жаңы гана өз милдеттерин аткара баштады. БШК Жогорку Кеңешке жаңы шайлоолорду жарыялайт — аларды туруксуздук шартында өткөрүү кайтарылгыс кесепеттерге алып келет. Бүгүнкү күндө президент мыйзамдуу бийликтин бирден-бир булагы бойдон калууда. Ошондуктан, ал азыр кызматтан кетпеши керек! Бул туура эмес жана жаңы толкундоолорду жаратышы ыктымал«, — дейт К.Исаев.

Белгилей кетсек, 13-октябрда Канат Исаев спикер болуп шайланган. Кечээ, 14-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров экөө президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушкан эле…

Салима ЖАКШЫЛЫК кызы

Пикир жазуу

Этот сайт использует Akismet для борьбы со спамом. Узнайте, как обрабатываются ваши данные комментариев.